Бишкекте жол кырсыгынан журналист Жайнагүл Тазабекова каза болду

Бишкекте жол кырсыгынан 28 жаштагы журналист Жайнагүл Тазабекова каза болду.

Маалым болгондой, 10-февралда түнкү саат 02:00дөр чамаларында Ахунбаева көчөсү боюнча батышты көздөй жүрүп бара жаткан “Мерседес-Бенц” унаасынын айдоочусу Кырк-кыз көчөсү менен кесилиште башкарууну жоготуп, алдыдагы тоскоолдукту сүзүп калган. Унааны 1987-жылы туулган маркумдун жолдошу Т.Т.Н. башкарып бара жаткан.

Кырсыктын натыйжасында Жанагүл Тазабекова окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми унааны башкарып бара жаткан анын жолдошу жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

28 жашта Жайнагүл Тазабекова «Пирамида» телеканалынын журналисти болчу.

“Кыргыз Туусу” гезитинин жамааты журналисттин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *