Премьер-министр Бишкек шаарына тийиштүү бир катар көйгөлөргө токтолду

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаардык мэриясынын коллегиялык жыйынына катышты.

Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, кеңешменин жүрүшүндө борбордун 2018-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары чыгарылып, ошондой эле 2019-жылга карай артыкчылыктуу милдеттер талкууланды.

Өз сөзүндө Өкмөт башчы, 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы кабыл алынган, ага ылайык, бардык мамлекеттик органдар аны натыйжалуу ишке ашыруу үчүн максималдуу күч-аракеттерди жумшоосу зарылдыгын эскертти.

Муну менен бирге эле, Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаары борбор катары өлкөнүн ИДПсынын үчтөн бир бөлүгүнөн ашуунун камсыздайт. Ал көрсөткүч 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча макроэкономикалык өнүгүүнүн негизги параметрлери боюнча оң динамикада экенин белгиледи. Бирок ИДП көлөмүнүн 3%га өсүшү өнүгүү үчүн бир топ экономикалык мүмкүнчүлүгү бар шаар үчүн жетишсиз болуп санала турганын кошумчалады.

Ошндой эле Премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн дарегине жарандардан мыйзамсыз жана башаламан курулуштар тууралуу көп сандаган кайрылуулар келип түшүүдө.

Өкмөт башчы ошондой эле 12-февралда «Коопсуз шаар» долбоору өз ишин баштай тургандыгына токтолду.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев борбордун жолдоруна шагыл себүү астында аны чайкап алуу мүмкүндүгүн иликтеп чыгууну тапшырды, анткени ал шаардагы чаңдын көтөрүлүшүнө шарт түзүүдө.

Коллегиялык жыйын соңунда Бишкек шаардык мэриясынын жетекчилигине жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнө айтылган маселелер боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *