Өмүрбек Бабанов биопаспортту сынга алды

Бүгүнкү парламент жыйынында жаңы биометрикалык паспортко сын айтылды. Жыйында депутат Өмүрбек Бабанов Мамлекеттик каттоо кызматы жаӊы биометрикалык паспортту тарката баштаганын, анда анын ээси жөнүндөгү маалымат толук камтылбай калганын, ал жарандардын банк иштерин жүргүзүүдө жарабай турганын, себеби, анда маалыматтар чипке жазылып, азырынча аны окуй турган жабдуулар жок экендигин белгилеп, бул популисттик кадам болуп калгандыгын айтты.

Өмүрбек Бабанов: » Эл шайлоо менен эле жашабайт да. Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчилери пиар, коррупциядан башка эч нерсе кылган эмес. Премьер-министр бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисин кызматтан албай жатат. Менде башкача ой жаралууда. Шайлоо оюндарыбы деп жатам», — деди.
Ошондой эле, биопаспортту ишке киргизүүгө канча каражат бекер кеткенин айтып, адегенде ойлонуш керек болчу, — деп кошумчалады депутат.