Алтынай Өмүрбекова Мамлекеттик миграция кызматынын коллегиялык жыйынына катышты

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө ведомствонун 2018-жылкы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2019-жылга карай артыкчылыктуу милдеттер талкууланды.

Тийиштүү маалымат менен Мамлекеттик миграция кызматынын директору Болотбек Ибраимжанов, ошондой эле анын орун басарлары көзөмөлдөгөн багыттары боюнча маалымат беришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө эмгек миграциясында Кыргыз Республикасынын 710 миңден ашуун жараны жүрөт, анын ичинде Россия Федерациясында – 640 миңден ашуун, Казакстанда – 30 миң, Түркияда – 30 миң, Түштүк Кореяда – 15 миң, алыскы чет өлкөдөгү башка өлкөлөрдө 20 миңден ашуун адам бар.

Эки мамлекет башчыларынын деңгээлинде жетишилген кыргыз-россиялык макулдашууларды ишке ашыруу алкагында «тобокелдик тобундагы» 200 миңдей кыргызстандыктын болжол менен 100 миңдей жараны өз абалын мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана алды. Буга катар биздин 5500 мекендешибизге Россиянын аймагына кирүүсүнө жол ачылды.

КМШ Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылдын башына карай 74 миң 541 адамга Россия аймагына кирүүгө тыюу салынган, ал эми 2018-жылдын соңуна карата чектөө коюлган жактардын саны 65 миң 532 адамга кыскарган.

Вице-премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө 700 миңден ашуун мекендешибиз Кыргыз Республикасынан тышкары жүрөт.

«Жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, бул жаатта чечүүнү талап кылган бир катар көйгөйлөр бар. Биринчи кезекте Миграциялык саясат концепциясын иштеп чыгуу, чет жердеги мекендештерди колдоого алуу Программасын бекитүү зарыл. Президенттин Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу чет жердеги мекендештер менен байланышуу боюнча кеңеш түзүлгөн, анда Мамлекеттик миграция кызматы аталган кеңештин Катчылыгы болуп саналат. Бул багытта Катчылыктын толук кандуу ишин активдештирүү зарыл. Белгилесем, айрым тапшырмалар жана бир катар программалардын пункттары өз мөөнөтүндө аткарылбаган бойдон калууда. Бул маселелерге өзгөчө көңүл буруу зарыл», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр белгилегендей, өлкөнү өнүктүрүү жана мекендештер менен конструктивдүү байланыштарды орнотуу үчүн бардык кызыкдар тараптардын мүмкүндүгүн бириктирүү зарыл.

«Биздин жаштар чет мамлекеттерге кетип, ошол жакта калып калууда. Биз аларды артка кайтару боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуубуз зарыл. Бул багытта биздин жарандардын жашоосу жана эмгекке орношуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча комплекстүү кадамдар керек. Буга катар белгилеп кетсем, бүгүнкү күндө биздин мекендештер – өз каражатын өлкө өнүгүүсү үчүн салууга даяр потенциалдуу инвесторлор. Буга байланыштуу тийиштүү мамлекеттик органдар өз багыттары боюнча аталган маселени иштеп чыгуусу зарыл», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр эскерткендей, өлкө Президентинин Жарлыгы аркылуу 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы катары жарыяланган.

Ошондуктан мамлекеттик тейлөөлөр, маалыматтык порталдар, министрлик жана ведомстволордун сайттары ар бир жаран үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу болуусуна басым коюлат. Бул багытта миграциялык кызматтын да өз милдеттери бар, ал өз ишинде заманбап маалыматтык технологияларды пайдаланусу тийиш.

Маалымдама: «Тыюу салынган» жарандардын тизмесин кыскартуу милдети актуалдуу жана артыкчылыктуу бойдон калууда. Мындан тышкары, Мамлекеттик миграция кызматы үзгүлтүксүз негизде чет жердеги мекендештерди жана диаспораларды колдоого алуу боюнча ишти жүргүзүүдө.

Ведомство тарабынан татыктуу эмгекке орноштуруу максатында жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердеги мүмкүндүкктөр тууралуу маалымат жана консультациялар сунушталат жана иш издеген жарандар эмгекке орноштурулат.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган этностук кыргыздардын жалпы саны бүгүнкү күндө 40 миңден ашуун адамды түзөт.

2018-жылы кайрылман статусу 664 этностук кыргызга берилген. 2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы кайрылман статусун алган жактардын саны 56%га кыскарган.

Буга катар Мамлекеттик миграция кызматы тарабынан мамлекеттик органдардын жана БӨУ адам сатуунун алдын алуу маселеси боюнча маалымдулук деңгээлин жогорулатуу жана алардын өз-ара аракеттешүүсүн күчтөндүрүү максатында кызматташуу боюнча активдүү иш жүргүзүлүүдө. Буга катар отчеттук мезгилде республиканын бардык облустары боюнча 21 ирет тышка сапарга чыгуу орун алган.