Жыл жыйынтыгы боюнча мыкты салык органдары аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча аймактык салык органдарынын мыкты жамааттарын аныктады. Бул тууралуу МСК басма сөз кызматынан маалымдашты.

«Мыкты жамаат» наам үчүн мелдеште биринчи орунду өтмө тууну алуу менен Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгы ээледи. Экинчи орунга Ош облусунун Араван району боюнча салык кызматы, үчүнчү орунга Нарын облусунун Жумгал району боюнча башкармалыгы татыктуу болду.

Сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоодо салык мыйзамдарынын сакталышын жана салык саясатын натыйжалуу ишке ашырылышын көзөмөлдөөдө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиктерине каралат.