«Коопсуз шаар» долбоору иштей баштады. Эреже бузгандыгы тууралуу маалыматты кантип алса болот?

Бүгүн, 12-февраль көптөн күткөн «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирди. Өлкөбүздөн өнүгүүсүнө, мыйзамдуулуктун бекемделишине, жарандарыбыздын коопсуздугун сактоого олуттуу кадам шилтенди.

Өткөн жуманын акырында Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна барып, акыркы даярдыктар менен таанышып чыкты.

«12-февралдан баштап аппараттыкпрограммалык комплекстерди, мониторинг борборун, ошондой эле бузууларды каттоону ишке киргизүү кажет. Аныктоо, каттоо, жеткирүү жана айыппулдарды төлөөнүн бардык механизмдери так иштеп, жарандар үчүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу болушу керек.

Бул биздин өлкө үчүн өтө маанилүү жана масштабдуу долбоор, ал жолдордо коопсуздукту камсыздоодо бурулуш боло алат. Алдыдагы долбоорду ишке киргизүү – биздин узак жана көп күчтү талап кылган эмгегибиздин натыйжасы, биз анын бардык баскычтарынын ийгиликтүү ишке ашырылуусуна жетишүүгө тийишпиз» деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабында 90 камера орнотулуп, анын 52си ашыкча ылдамдыкты каттаса, калгандары каршы тилкеге чыгып кеткен, токтомо-чийинден өтүп токтогон же жол чырактын кызыл белгисинде айдап кеткендерди тартып калат. Борбор калаабыз Бишкек шаарында 4 ылдамдыкты тескөөчү, 38 башка эреже бузууларды тартуучу камералар орнотулду.

Ошондой эле Бишкек-Чалдовар, Бишкек – Балыкчы, Бишкек-«Манас» аэропорту, Бишкек-«Ак Жол» чек ара бекети трассаларына 48 камера орнотулду.

ИИМ алдындагы Мониторинг борбору «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекс аркылуу аныкталган жол кыймылынын эрежелерин бузуу материалдарын иштеп чыгуу менен алектенет, алар андан соң «Кыргызпочтасы» аркылуу унаа каражаттарынын ээлеринин катталган дарегине «айып катын» жөнөтөт. «100» кыска номери боюнча тиешелүү маалыматты алуу үчүн бирдиктүү колл-борбор да ишке кирет.

Жол эрежелерин бузууда салынган айып пулду uslugi.gov.kg порталы аркылуу текшерип алуу мүмкүнчүлүгү да бар. Ал үчүн айдоочу жеке ИНН жана унаанын мамлекеттик номурун жазып, кайсы күнү, кайсы саатта, кайсы жол эрежесин бузгандыгы үчүн канча сом айып салынгандыгын билип алса болот.

Мындан сырткары унаа ээлерине sms аркылуу маалымат берүү үчүн тиркеме да иштелип чыгууда.