Январь айында Кыргызстандын эл аралык резерви дээрлик 15 млн. долларга өстү

2019-жылдын январь айында Кыргызстандын эл аралык дүң резерви 14,98 млн. долларга өскөн. Бул тууралуу КР Улуттук банкы кабарлады.

Эл аралык дүң резерви 2 млрд. 170,44 млн. долларга жеткен. Ал өткөн жылдын аталган мезгилине салыштырмалуу 50 млн. долларга кыскарыптыр.

Белгилеп кетчү жагдай, резервдердин көлөмү 2018-жылдын ноябрь айынан бери туруктуу өсүп келүүдө. Анын эң төмөнкү деңгээли өткөн жылдын сентябрь айында катталган. Анткени, резервдер 2 млрд. 90,64 млн. долларга кыскарган болчу.

Улуттук банк валюта рыногундагы туруксуздукту жөнгө салып туруу үчүн резервдерди пайдаланып келе жатат. 2018-жылы Уулуттук банк бардыгы болуп, 11 интервенция өткөрдү. Ал үчүн 20 млн. 550 миң доллар сатып алып, 154 млн. 550 миң доллар кайра сатты. 2018-жылы долларды таза сатуу 134 млн. долларды түздү. Улуттук банк 2019-жылдын январь айында бир жолу гана валюта рыногуна чыгып, 18,8 млн. доллар сатты.(НН)

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *