Мектеп китептерин чыгарууда 32 млн. сом мыйзамсыз жумшалган

Башкы прокуратура жаңы окуу китептерин иштеп чыгуу жана басып чыгаруу боюнча кеңешчилердин кызматын сатып алууда бир катар мыйзам бузууларга жол берилгенин аныктады.

Бүткүл дүйнөлүк банктын “Билим берүү секторундагы реформаларды колдоо” долбоорунун алкагында16,5 млн. АКШ доллары көлөмүндө кредиттик жана гранттык каражаттар берилгени аныкталган. Жалпы билим берүүчү мектептердин 5-6-класстары үчүн жаңы окуу китептерин иштеп чыгууга жана басууга 4 млн. 168 миң 050 доллар жумшалган.

Кыскасы, жаңы окуу китептерин басууда өзүм билемдик жана башаламандык, мыйзамсыздык орун алып, жыйынтыгында 2018-жылы сапатсыз жана талапка жооп бербеген китептер басылып чыгып кеткен.

Жалпысынан жараксыз китептерди басууга 32 млн. 749 миң 363 сом жумшалган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, окуу китептерин даярдоого тиешеси бар тараптар кызмат абалынан пайдалануу, алдамчылык боюнча кылмыш белгилери бар деп табылып, кылмыштарды каттоо боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *