Жол кырсыгына себепкер болгон депутат Жолдошбаевдин күйөө баласы, мурда 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу кесилген

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин күйөө баласы, милициянын подполковниги Айбек Сыдыков ээлеген кызматынан бошотулуп, ИИМге териштирүүгө жиберилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБи билдирди.  

Бишкекте депутаттын күйөө баласы  автоунааны башкарып келе жатып жол-транспорттук кырсыкты жасаган. Ишти териштирүү учурунда ал ээлеген кызматынан бошотулган. Эске салсак, авария Чүй проспектиси менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде болуп өткөн. ИИМдин ички иликтөө кызматы териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Депутаттын күйөө баласы буга чейин, тактап айтканда, 2017-жылдын 5-октябрында “Ретро Метро” түнкү клубунун кире беришинде болгон ок атышууга катышкан. Укук коргоочулар түнкү клубдун жабыктыгына нааразы болушуп, ачып киргизгиле деген талапты коюп, чыр чыгарышкан.

Бул окуяга катыштыгы бар милиционерлер жумуштан кетип, ал эми депутаттын күйөө баласы Айбек Сыдыков дисциплинардык жаза менен гана кутулган. Окуядан кийин Бишкек шаардык прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин “Уурулук”, “Курал колдонулган бейбаштык” жана “Кызмат абалынан пайдалануу” беренелери менен кылмыш ишин козгогон. 2018-жылдын 2-февралында бул кылмыш иши Биринчи Май райондук сотуна жиберилип 22-октябрда чечим чыккан.

Айбек Сыдыков “Ээнбаштык” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, сыноо мөөнөтү менен 3 жылга шарттуу кесилген. Анын адвокатынын апелляциялык арызы учурда Бишкек шаардык соту тарабынан карала элек. (ВБ)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *