Жалган статистикалык маалыматтар үчүн 13 миң сомго чейин айып салынышы мүмкүн

Жаңы кодекстерге ылайык, улуттук статистикалык комитет жалган маалыматтарды бергендиги үчүн 13 миң сомго чейин айып пул төлөп калышы мүмкүн.

2019-жылдын 1-январынын тартып күчүнө кирген “Бузуулар жөнүндө” кодекс, КР Улуттук статистикалык комитеттин дагы укуктарын козгоду. Аталган мекеменин кызматкери Махабат Оморова: “Жаңы кодекс статистикалык отчетторду берүүнүн тартибин бузгандардын айып санкцияларын дагы карайт. “Бузуулар жөнүндөгү” кодекстин 294-беренеси боюнча, эгерде маалыматты өз убагында бербесе же такталбаган маалыматты берсе, экинчи категориядагы айып тагылат. Мындай айып пул жеке адамдарга 2000 сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом”.

Эске салсак, буга чейин КР Административдик жоопкеркерчилик жөнүндө кодекси, 6дан 10го чейинки эсептик көрсөткүчтөр боюнча айып пулдун санкцияларын карачу. Ал айып пулдардын өлчөмү 600-1000 сомго чейинки сумманы түзчү.