Кыргызстандан Катарга эт экспортоо боюнча макулдашылды

11-февралда Доха шаарында, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нуран Ниязалиев «Видам Фуд» катарлык компаниянын Башкы аткаруучу директору Абдулрахман Бин Мохаммед Аль-Хаярин мырза менен жолугушуу ѳткѳрдү. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматынан маалымдашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Катар Мамлекетине Кыргызстандан эт жөнөтүү маселеси талкууланды. Элчи Нуран Ниязалиев Кыргызстандын эт өндүрүү жана экспорттоо тармактарындагы азыркы потенциалы боюнча кеңири маалымат берип, өзгөчө анын жогорку сапатын белгилеп кетти.

Өз тарабынан «Видам Фуд» компаниянын башчысы Кыргыз Республикасынын бул тармактагы тиешелүү өндүрүүчүлөрү менен байланышка кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандан Катарга этти экспорттоо боюнча чогуу кызматташтык жөнүндө макулдашылды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *