ТЭЦти модернизациялоо. Минфиндин экс-башчысы да сот жообуна тартыла тургандардын катарына кошулат

Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишинин фигуранты болуп калды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Эске салсак, өлкөнүн башкы көзөмөл органы борбордук ТЭЦти модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча кылмыш иштерин иликтөөнү аяктаган. Текшерүүнү УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзгөн.

Башкы прокуратура Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Ольга Лаврова жана башка фигуранттарга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция фактысы боюнча айып негиздүү коюлган, жетиштүү далилдер бар экендигин белгилейт.

Белгилеп коюу керек, мурдагы финансы министри (2012-2015-жылдар) Ольга Лаврованы айыптоо тууралуу алгачкы жолу айтылып жатат.

Учурда Ольга Лаврова «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп иштейт.

Тергөөнүн версиясы боюнча айыпталгандар алдын ала билип туруп ТВЕА компаниясы менен пайдасыз келишим түзүшкөн. Натыйжада мамлекетке 111 миллион 252 миң 797 доллар зыян келтиришкен. (БТ)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *