Улан Абилов президенттин аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болду

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Абилов Улан Женишович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Ал эми бул кызматты ээлеп турган Исмаилов Анарбек Касымович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Президенттин дагы бир Жарлыгы менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Улан Абилов 2014-жылдан тартып аталган бөлүмдүн эксперти болуп эмгектенген, ал эми 2018-жылдын февраль айынан тартып бөлүм башчысынын орун басары кызматын ээлеген.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *