Жаш өспүрүмдөргө укук бузуу тууралуу лекциялар окулду

ИИМдин Жаш өспүрүмдөр арасындагы тартип бузуулардын алдын алуу борборунун демилгеси менен жаш өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу максатында жакында орто мектептерде атайын иш-чаралар болуп өттү.

Анда мектеп рэкети, опузалап акча талап кылуу, эртелеп турмушка чыгуунун зыяндары, үй-бүлөлүк зомбулук, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштардын алдын алуу ж.б. темаларда орто мектептердеги 8-11-класстын окуучуларына лекциялар окулду.