Суббота, 20 апреля, 2024
24.1 C
Бишкек

Россия КР жарандары үчүн виза режимин киргизиши мүмкүнбү?

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев кечээ Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Москвада орун алган террордук актыдан соң мекендештер менен жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Депутаттар ТИМ өкүлүнөн Россия өкмөтү Кыргызстанга виза режимин киргизүүнү көздөп жатабы деген суроо узатышты.

“Кыргызстан үчүн виза режимин киргизүү маселесин көтөрүп жаткан бир катар саясатчылар бар. Бул маселени саналуу гана депутаттар көтөрүп жатат, бирок Мамдумада колдоо тапкан жок. Мындай чечим кабыл алынбайт деп ишенебиз. Акыркы жылдарда Россиянын аймагындагы чет элдиктердин арасынан кыргызстандыктар эң аз кылмыш жасаган”, — деди ал.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар