Иштеп жаткан пенсионерлерге камсыздандырылган пенсиясы төлөнүп берилет

2019-жылдын 1-январынан баштап иштеп жаткан пенсионерлерге пенсиянын экинчи камсыздандырылган бөлүгү автоматтык түрдө которула баштайт. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз  кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда пенсионерге которуу үчүн райондук Соцфонддун бөлүмүнө кат жүзүндө кайрылуунун кажети жок. Ошондой эле иштеп жаткан жеринен айлыгы тууралуу тастыктама да албайт.

“Эсептелген пенсия 2019-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча төлөнүп берилет, ошону менен 2019-жылдын 1-январынан төлөнө баштайт”,-деп айтылат маалыматтта.