Убадаланган үй турмак, жери жок калдык

Президент С.Жээнбековго
Премьер-министр М.Абылгазиевге
Башкы прокурор Ө.Жамшитовго
Коопсуздук кеңешинин катчысы Д.Сагынбаевге

Жаңы-Жер айылынын «жарасы» аталган – жер жемкорлугу тууралуу 20 жылдан бери жазып эле келебиз. Жаза берип «жазуучу», айта берип «арызчы» аталдык. «Баягылар» деген балекет наамга татыдык.

Жабык каттан жадап бүтүп, эми ачык кат жазалы деп чечтик. Биринчи: 1994-жылы жүргүзүлгөн агрардыкжер реформасы Жаңы-Жерде мыйзамдарга карама-каршы келип, жарандардын укуктары тебеленип-тепселип, бир ууч «таянган тоосу бийик» чиновниктердин өзүм билемдиги менен өздөрү каалагандай жүргөн. Нааразы болгон тараптардын кайрылуусу менен, Жогорку Кеңештин Агрардык маселелер боюнча комитеттин төрагасы С.Ш.Жээнбековдун жеке кийлигишүүсү менен 1999-жылдын февраль айында республикада жер реформасын ишке ашырган ЦАЗРдан комиссия түзүлүп, текшерүү жүргөн. Анын жыйынтыгында толгон-токой мыйзам бузуулар аныкталып, 1994-жылдын 8-ноябрында өткөн «Жаңы-Жер» СПКсынын эмгек жамаатынын чогулушунун чыгарган чечими мыйзамсыз деп табылган. Комиссиянын чечими Президенттин администрациясына жана Өкмөттүн аппаратына (№01-3/346 06.08.1999) министр Э.Узакбаевдин колу менен жөнөтүлгөн.

Бирок ал жактан «ак» же «көк» деген жооп болгон эмес. Так айтканда, ошол кворум жок өткөн чогулуштун чечими жемкорлукка жем чачып, гүлдөп өсүшүнө эбегейсиз шарт түзүп, даңгыр жол ачкан. Алсак, Өкмөттүн №632 (22.08.94) токтомунда адамдарды категорияга бөлүү каралган эмес. Бирок өзүм билем өлөрман чиновниктер “№632 токтомдо каралган” деп калп айтышып, карасанатайлык менен элди 4 категорияга бөлгөн (100%, 50%, 25%, 0%). Чөнтөгү калың, тааныш-билиштер 1 категория менен каалашынча үлүш алышса, акчасы жок бечаралар «не положено» деген категория менен сыртта калган. Тагыраагы, Айылдык кеңеште каттоодо турган 6594 жарандын 2701 жаранына 3735 га жерди үлүшкө бөлүп, калган 3893 жаран кур жалак калган. Акча дегенде апасын саткан эргулдар ошону менен эле тынып калбай, 2000-жылдардан кийин «өлгөндүн үстүнө көмгөн» кылып, ФПСтин карамагындагы 1330 га жердин 1220 га жерин дагы жең ичинен соодалап жиберишкен. Кимдерге берилгендиги азыркы күнгө чейин «сыр» бойдон сакталууда. Бүгүнкү күндө ФПСтин карамагында болгону 110 га жер калган. Ал дагы чөнтөгү калыңдарга ижарага берилген. Айыл чарба багытында 5320 га жер болсо, анын 5210 га жери менчик болуп эсептелет. Кыскасын айтканда, бут коерго жер жок дегендик. 2010-жылдагы элдик революциядан кийин, “эми акыйкаттык орноду” деген ниетте Жогорку Кеңештин жер-агрардык комитеттин төрагасы Э.Сакебаевге кайрылып, Өкмөттүк комиссия түздүргөнбүз. Комиссиянын курамына үч министрликтен өкүлдөр кирип, иштеп, мурдагы 1999-жылдагы комиссиянын жыйынтыгын дагы бир жолу тастыктап, КР Өкмөтүнүн аппаратына И-187(30.08.2011) министр Т.Бековдун колу менен жөнөтүлгөн. Мурдагыдай эле кирген из бар, чыккан из жок.

Экинчи. 1992-жылы Токтогул районунун Толук айылында болгон катуу жер титирөөдөн кийин, Өкмөттүн №485 (29.09.92) токтомунун негизинде Сокулук районунун Жаңы-Жер айылына 120 түтүн эл көчүрүлүп келип, №381, № 391 контурлардан 47 га жер бөлүнүп, жабыркагандар үчүн турак жай салынмак. Кыш бою жерге байланыштуу бардык иш кагаздар иштелип чыгып, генплан түзүлүп, МЧС тарабынан 121 миң рубль бөлүнгөн. 1993-жылдын эрте жазында Айылдык кеңештин №6 (18.02.93) чечими чыгып, ар бир үй-бүлөгө жер тилкелер бөлүнүп берилген. Токтомдун 5-пунктуна ылайык, турак-жайлар курула баштамак, бирок биздин багыбызга экономикалык каатчылык (инфляция, рублдин сомго алмашышы) каскак болуп, убактылуу үй куруу токтотулган. Экономика оңолгуча бөлүнгөн жерди бош таштабай, ижарага алып иштетип туруу район тарабынан сунушталган. Жашоо үчүн көчүп кетип жаткан жарандардын үйүн сатып алуу үчүн 2500 сомдон үстөк пайызы жок кредит берилген. Ар ким акыбалына жараша үйлөрдү сатып алган. Көпчүлүк жарандар акчанын жетишпегендигинен 1930-1940-жылдарда курулган барак тибиндеги эки бөлмөлүү үйлөрдү сатып алышкан.

1998-жылы “там салып берет” деген таттуу кыялды талкалап, токтомду тоотпой «элдүү пункт» категориясына кирген №391 контурдагы 39 га жерди 14 үй-бүлөгө үлүшкө бөлсө, №381 контурдагы 8 га жерди жең ичинен Алтын аттуу алдамчы аялга сатып жиберишти. «Этин түгүл табагын тап» болуп, чакырып алып урган иттин кейпин кийип, укугубуз тебеленди деп ушул күнгө чейин ойдонтоодон акыйкаттык издеп убарабыз.

Кырдаалга жараша сырткы жана ички миграциянын эсебинен Жаңы-Жерде туруктуу жашагандардын саны 1994-жылга салыштырмалуу үч эсеге жакын өстү. Так эсеп алган эч ким деле жок, бирок кечээ жакында болгон президенттик шайлоодо 5500 шайлоочу катталганы – чындык. Эгер бир шайлоочунун 18 жашка чейин бир эле баласы бар десек 11000 адам, эгер 2 баласы бар десек 16500 адам болот экен. Паспорту жок, каттоого турбай жөн эле «кыргызча» жашап жүргөндөрдү эсепке албаганда. Иштээрге ишкана болбогондон кийин дээрлик жашоочулар дыйканчылык жана мал багуу менен жан багышат. ФПСте жер калбагандыктан дыйкандар жерди ижарага жер ээлөөчүлөрдөн алышат.

Ишиңиздерге ийгилик каалап, Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылынын тургундары: КЕНЖЕБАЕВА Т., МОНОЛБАЕВ У., КЕМЕЛБАЕВ Н., КАШКАРИЕВ А., КОЙЧИЕВ С., КУТТУКОЖОЕВ Ж., ТУРДУМАМБЕТОВ Б., ТУРДУКЕЕВ К., АБДРАСУЛОВ Ж., ЖУМАТАЕВ О., ДУЙШОБАЕВ Б., КАШКАРИЕВ Т., САТЫКЕЕВ Б., ЧОКОЙБАЕВ А., МАКСУТОВА Ж. ж.б.