Жыргалбек Турускулов: «Азыркы Өкмөт менен жакшы иштешип жатабыз. Мурункулардан мындайды байкаган эмесмин»

Өкмөттүү отставкасы тууралуу ушак-айыңдар акыркы айлары көбүрөөк айтылып келген. Албетте Өкмөттүн алмашуусуна кызыктар күчтөр өлкөбүздө толуп атат. Бирок, азыркы Өкмөттүн ишмердүүлүгүнө оң баасын берген саясий күчтөр да басымдуу. Өзгөчө акыркы күндөрү «Коопсуз шаар» долбоорунун ийгиликтүү ишке ашуусу менен Өкмөттүн позициясы катуу бекемделди. Жыл сайын Өкмөттүн алмашуусу өлкөбүздү артка тартып жатканын жакшы түшүнгөн эл  дагы азыркы министрлер кабинетине ишеним артууда.

Парламенттеги чоң фракциялардын бири «Республика-Ата-Журттун» лидери Жыргалбек Турусукулов:

— Азыркы Өкмөттүн «Коопсуз шаар» долбоорун иштетип койгону кубандырып атат. Ушундай чечкиндүү иш алып бара беришсе бул Өкмөттүн «өмүрү» узун болот. Жыл сайын алмаштыра бергенден майнап чыкпайт. Бул Өкмөт менен парламент ынтымактуу жакшы иш алып барууда. Буга чейин 3 жыл ичинде 3 Өкмөт менен иштештим. Мындайды мурункулардан байкаган эмесмин. «Ал кетсин, бул кетсин» дегенден алыс болуп, саясатты таштай туруп, экономиканы көтөрүшүбүз керек. Өкмөткө кол, бут болуп жардамыбызды беришибиз керек – деди.

Парламенттеги дагы бир ири фракциянын лидери Иса Өмүркулов дагы азыркы Өкмөттүн отставкасы тууралуу маселе жок экенин айткан.