Жер титирөөдөн жабыркагандарга күрөөсүз насыя берилет

Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга күрөөсүз насыя берилет. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында Айыл банктын өкүлү Калыс Ахматов кабарлады.

Анын айтымында, бул иштер боюнча өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен банктарга кайрылуу жөнөтүлгөн. Учурда «Айыл Банк», «Компаньон» жана «РСК» банктарга Чоң- Алай району боюнча 127 жаран өз арыздары менен кайрылышкан.

Учурда жашоочулардын дээрлик баардыгын талаптарына жараша жардам көрсөтүү башталды.