Менин апам…

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Биз төрт бир тууганбыз. Эки иним, бир сиңдим бар. Эң кичүү инимден башкабыз баарыбыз үй-бүлө күттүк, үй-жайлуу, бала-чакалуу болдук. Наристе жытын искеп, бала тарбиялап баштаган соң, атам менен апамдын бизди кандай мээнет, канча деген түйшүк менен чоңойтконун түшүнүп, аңдап бараткандайбыз… Атам Дүйшеев Арзыбек, апам Чөкөнбаева Айнагүл.

Азыр ойлосом, биздин балалык абдан татаал, абдан оор мезгилге туш келиптир. Союз урап, элдер кыйынчылыкка кептелип, иштегенге иш, жегенге аш таппаган учур экен. Бирок, ошондой болгону менен биз бардар жашоодо өсүп, чоңоюптурбуз. Курбалдаштарым буудайга жетпей, таруудан нан жасап, жалаң пиязды майга кууруп жеп курсак тойгузган күндөрүн эстеп айтып калышат. Менин эсимде, апамдын аппак жана жумшак, борсойтуп бышырган нандары, коробкалап турган май, чайлары ж.б. калыптыр. Көрсө, ошол токчулуктун, барчылыктын артында апамдын опол тоодой эмгеги, аракети жаткан тура. Көрсө, апамдын көрөгөчтүгү, билгичтиги менен биз бактылуу балалыкта эч нерседен кабарыбыз жок чоңоюптурбуз…

Апамдын колу абдан жеңил болчу. Азыр деле ошондой. Майрам күндөрү пирожки бышырып, мектептин алдына чыкса, бир заматта талап алып кетишчү. Биз жаңыдан окуп баштаган мезгилдер болсо керек, айылдагы борбордук көчөнүн боюна стол коюп алып, күнүмдүк турмушка керектелчү, самын-сумун ж.б. сатып калды. Анда деле соодасы тынбай бат-баттан өтүп кетчү. Бизди (иним экөөбүздү) тургузуп койсо, экөөбүздөн эч ким эч нерсе алчу эмес. 25-майда кызыл-тазыл болгон желим гүлдөрдөн букет жасап сатчу. Анысын да бирин калтырбай алып кетишер эле. Апамдын колунун жеңилдигин, берекелүүлүгүн атам да көп айтып калат. “Бир жолу апаңар 9-майда 2-3 фляга бозо салды. Машина менен паркка жеткирип койдум да, жанына тургандан уялып, алыстан байкап турам. Апаңардын жетишпей жатканын көрүп, чыдабай чуркап барам. Флягын көтөрүшүп, берки идишине куюшуп коем да, кайра кетип калам. Ошентип 2 саатка жетпей соодасы бүтүп, көңүлүбүз ток, жайдары үйгө кайтканбыз”, – деп чай үстүндө сүйлөшүп отуруп айткандагысы эсимде калыптыр. Азыр да: “Апаңар алтын киши, мени сыйлабасаңар дагы, апаңарды сыйлагыла. Көп түйшүктү апаңар тартты, мээнети зор”, – деп биринчи орунга байбичесин коюп калат атам.

Чынында ошондой экен. Бизди жакшы тамак ичсин, жакшы кийим кийсин, элден кем болбосун деп колунан келишинче, дараметинин жетишинче аракет кылчу тура. Биз үчүн кара жанын карч уруп, чарчадым-чаалыктым дебей, күндүзү тыным албаганы аз келгенсип, түндөсү бир убакка чейин, бизди уктатып коюп кол машинага төшөк тигип, курак курачу. Туштук, жер төшөк, чайнек койгуч жана кире беришке салынчу чакан дорожкаларга чейин апам өзү курап алчу. Ал тургай башкаларга да курап берчү. Азыр ошонун баарына кантип жетишкенине таң калам.

Мектепте окуп жүргөн кезимде, апам айылдагыларды кыздын себи менен камсыздаганга өттү. Кыпкызыл кыжым, бархат материалдарды алып келип, сантиметрлеп бычып, бир жеринде ашык-кеми жок, тепетең жууркандарды тигет. Анан таң эрте күн жесин деп жайып койгон пахталарын салат. Биздин үйгө жакын жашаган бир-эки кошуна эжени чакырып, аларга кабытат. Ошентип, 10 жууркан, 1 эт төшөк, 4 жер төшөк, 6 жөлөңгүч ж.б. койкойтуп даярдап, 1 жылкыга же торпогу бар уйга алмаштырчу. Аны атам экөө Токмокко жүктөп келип сатып, акчасына кийинки септин материалын камдап, артканына бизге толтура кийим-кече, үйгө оокат алып келишчү экен. Жууркандарын кабып берген эжелерге да анча-мынча акча төлөп берчү. Көрсө, ошол оор кезде апам кошуналарына (аз болсо дагы) жардам кылчу тура.

Ошол жууркандардын акчасына бир сапар шаардан апаппак, кипкичинекей инкубатордун жөжөлөрүн сатып келишти. Апам аларды чоң коробкага салып, ичине лампочка коюп, суу, жемин үзбөй берип, жаш баладай багып жүрүп чоңойтту. Чоңойгондон кийин эмгеги жемишин берип, күндө тоокканадан жумуртка чогултуп жүрдүк. Бир жуманыкын топтоп, Казармандын базарына келип сатабыз. Саткандан калганын кааласак сууга бышырып, кааласак кууруп жейбиз. Ошондой күндөрдүн биринде баарыбыз конокко барып, үйгө кеч келгенбиз. Биз келгиче үйүбүзгө уурулар келип, тоокторубуздун бирин калтырбай уурдап кетишиптир. Ошол маалда уурулук аябай күч алып кеткен. Кокус чака-чайнегиң эшикте калып калса, эртеси тапчу эмессиң. Менимче, тоокторубузду уурдап кетишкенде, апамдын ичи бир топ эле ачышса керек. Бирок, ким уурдаса да колу сынсын же, жыргабай калсын деген сыяктуу каргыш сөздөрдү айтып, наалып, кейигени эсимде жок.

Баса, апам багбанчылыкка да абдан жакын. Азыр жумуштан колу бошобой көп жер-жемиш тикпей калды. Болбосо, биз бала кезде помидор, бадыраң, нокот, сабиз ж.б. баарын айдачу. Эшиктин алды гүл бакча эле. Машиненин дөңгөлөктөрүн тизип, түрдүү гүлдөрдү экчү. Жай келгенде короонун ичи гүлгө толуп, өзүнчө ажайып кооздукка бөлөнүп калчу. Бизге эртең менен кечинде тындырбай суу куйдуруп үйрөткөн. Эшиктин алдына суу сээп шыпырган адат да бала кезибизден калыптанган. Ал эми апамдын күздөгү алган түшүмү укмуш болчу. Үйгө киши келип калса, огородго чоң чака менен жөнөчүбүз. Помидор, бадыраң, редиска дегендерди толтуруп терип келип, салат жасачубуз. Аны көргөн коноктор, биздин огородго баш бакмайынча кетишчү эмес. Жоро-жолдоштору, тели-теңтуштары тамашалап апамды «дунган» деп коюшчу. “Огородуң таптаза, мизилдейт”, –деп суктанышчу. Көрсө, алар бир таш, же бир отоо чөптүн жоктугун айтып, бардыгы ирээттүү экенине суктанышчу тура. А биз балабыз да, бир сапар апамдар шаарга кетишип, келе турган болгондо, (сүйүнүп калсын деп) огородду мизилдетип шыпырып чыкканыбыз эсимде…

Эң кичүү инибиз чоңоюп калганда, апам мектепте башталгыч класстарга сабак берип иштеди. Кийин 2002-жылы биздин айыл өзүнчө айыл өкмөт болуп бөлүнүп, ошол жакта иштеп калды. 17 жылдан бери “Атай” айыл өкмөтүнө катчылык кызматты аркалап, мекеменин түптөлүшүнө, ишинин алдыга жылышына бирден-бир салымын кошуп, үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, апам калк арасында кадыр – барктуу инсан. Апамды Тогуз-Торо элинин 90 пайызы таанып билет десем аша чапкандык болбос. Мына ушундай абройлуу, колунан аш дагы, иш дагы келген билерман, иштерман, күчтүү, ошол эле учурда аялзатына тийиштүү бардык сапаттарды өзүнө камтыган аялдын кызы экениме, албетте сыймыктанам.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *