Япония модели – туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


 Сүрөт: Хоккайдодогу станция

 Кыргызстанды туризм өлкөсүнө айлантабыз десек, жол боюндагы тейлөөнү цивилдүү жолго түшүрүү керек экендиги талашсыз. Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Б.Турусбеков жол боюна дааратканаларды гана эмес , жуунуп алууга душтарды курууну да сунуштады. Пансионаттардын ээлери Ысык-Көлгө бараткан жол боюна даараткана куруу милдетин албаса аларга лицензия берилбеши керек дегенге чейин барды. Албетте, бул дагы жыргаганыбыздан айтылган сөз эмес. Тилекке жараша, быйыл аткаруу бийлиги трассалардын боюндагы тейлөө инфраструктурасын куруунун япониялык моделин ишке киргизүү аракетин көрө баштады. Бул дагы болсо алгачкы жолу колго алынып жаткан жаңы иш.

Хоккайдонун тажрыйбасы

Сөз  боло  турган  тема  бул  маселеге комплекстүү мамиле кылуу керек экенин көрсөтүп турат. Япониянын түндүгүндө жайгашкан Хоккайдо префектурасынын климаттык шартынын Кыргызстанга окшоштугу көп. Калкынын саны 6 млн., жер аянтынын 70 пайызын тоолор ээлейт. Хоккайдо аралында жол боюндагы тейлөө инфраструктурасы дүйнөдөгү эң цивилдүү жана алгылыктуу болуп саналат. Алгач ал жакта 1993-жылы жол боюндагы эски үйлөрдү жана имараттарды оңдоп, жаңыртып, тейлөө кызматтарын уюш-тура башташыптыр. Жаратылышынын кооздугу, жагымдуу климаты туристтерди өзүнө тартып турган Хоккайдо үчүн япондор жол

боюндагы тейлөөлөрдүн комплекстүү жаңы планын иштеп чыгышкан. Бүгүнкү күндө ал жактагы мичино-эки (жол боюндагы станциялар) көп функционалдуу ролду аткарат. Андан бери Япониянын аймагында жол инфраструктурасы өнүккөн 1145 жол боюндагы станция салыныптыр. Хоккайдо аймагында болсо 500гө жакын өнүккөн жол станциясы иштеп жатат. Ал жерде кафе, ресторан, дүкөндөр, эс алуу зонасы, медпункт, унаа оңдоочу жай, парковка, дааратканалар, интернет, кароол чоку, балдар аянтчасы, электромобилдердин заправкасы сыяктуу тейлөөнүн түрлөрү курулган. Япониянын Суук аймактардагы жарандык курулуш илимий-изилдөө институтунун улук илимий кызматкери, инженер Ясуаки Мацуданын айтымында, жол станцияларынын 56 пайызын кооперативдер уюштурган. Ал эми 44 пайызы индивидуалдуу типтеги курулуштар. Экөөндө тең курулуштун концепциясы иштелип чыгып, жол-курулуш тармагынын органдары менен биргеликте жол коопсуздугун камсыздоо, жол тыгынын болтурбоо сыяктуу алдын алуучу чаралар көрүлөт.

– Жол боюндагы станциялар үчүн өтө кымбат имараттарды салуунун кереги жок. Эң башкысы – жаратылыштын кооздугу жана тазалык. Экологиялык таза азык-түлүктөрдү туристтер көп алат. Мында жергиликтүү калктын өндүргөн айыл чарба азыктары сатылат. Азык-түлүктөр бир күндүн ичинде сатылып бүтпөсө, кайра ээсине кайтарылып, жүргүнчүлөргө жаккандарын дароо кошумча ташып келе коюшат. Чийки жашылча-мөмөлөрдү сатууга караганда кайра иштетилген азыктарды туристтер көп алышат. Идиштерге салынган андай азыктарды туристтер үй-бүлөсүнө алып кетүүсүнө да ыңгайлуу. Анын үстүнө кайра иштетүү өнөр жайы жергиликтүүлөр үчүн кошумча жумушчу орундарды камсыз кылат. Айтып койчу жагдай, мына ушул жол инфраструктурасы муниципалитетке көп кирешелерди алып келип, аймактын өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизип жатат. Суткасына 2000 автоунаа өтүп турган жерде аталган бизнес кирешелүү болот. Учурда Япониянын ушул моделин 10 мамлекет алып иштетип жатат. Кыргызстандын адистери Япониянын JICA эл аралык кызматташтык агенттигинин колдоосу менен Хоккайдонун жол станцияларын өнүктүрүү моделин үйрөнүп келишти, – деди Ясуаки Мацуда мырза.

Япониянын жол станцияларында эки-үч адам аймактагы тарыхый эстеликтерди, музейлерди, жаратылыштын кооз жерлерин көрсөтүп келүү кызматы жолго коюлган. Андан жергиликтүү фотограф дагы жакшы ак-ча таап алат. Имараттар жаратылыш кырсыктары болуп кетсе, калкты эвакуациялоо жагдайларына чейин эске алып курулган. Япония жол станциялары тармагы боюнча ушул жетишкендиктер менен токтоп калган жок. Ал жакта 2020-жылы аны өнүктүрүүнүн жаңы план-программасын ишке киргизе тур-ган болууда.

АРИСтин жардамы

Учурда Кемин районунун Боролдой, Жайыл районунун Суусамыр жана Сосновка айыл өкмөттөрүнө караштуу жол боюндагы тейлөө жайларын өнүктүрүүгө Хоккайдонун модели боюнча колдоо көрсөтүлүп жатат. Ал үчүн АРИС жогорудагы үч айыл өкмөтүнүн ар бирине 10 млн. сомдон бөлүп бергени жатат. Ал эми мындай бир эле комплексти куруу үчүн 30 млн. сомдун тегерегиндеги каражат керектелүүдө. Ал жерде жумушчу орундар түзүлөт, жергиликтүү дыйкандар продукцияларын сатып өткөрөт. Кыргызстан санариптештирүү программасын ишке ашырып жаткан соң, сөзсүз интернет тартылат. Дааратканалары ысык, муздак суусу менен курулат. Боролдой айыл аймагына караштуу жол комплексинде Кемин өрөөнүнүн жаратылышы кооз жерлери тууралуу маалымат тактасы орнотулмакчы. Райондун кол өнөрчүлөрүнүн кийизин, шырдагын, кайыштан жасалган тиричилик буюмдарын, сувенирлерин сатууга жагымдуу жагдай түзүлөт. Жергиликтүү ишкерлерден бул жерге чакан мейманкана куруп, кымыз менен дарылануучуларды тартууну пландап жаткандары да бар экен.

– Жол жээгиндеги комплекстин салынышы Президент Сооронбай Жээнбековдун «2019-жыл – аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы», – деп жарыялануусунун алкагында аткарылып жаткан иш-чаралардын бири десек болот. Боролдойдогу бул объектинин толук наркы 30 млн. сомдон ашат. Калган каражат «Кемин келечеги» рай-ондук коомдук фондусунан жана башка булактардан бөлүнөрү каралып жатат», – дейт Кемин районунун акиминин биринчи орун басары Нурлан Шаршеналиев.

Жетекчинин оптимизми

Боролдой айыл өкмөтүнүн башчысы Акылбек Мурсалиевдин билдиргенине караганда, аталган объект 2019-жылдын акырына чейин курулуп бүткөрүлүүсү керек. Ал Бишкектин 120 км. чакырым аралыгынан орун алат. «Балык да өзүбүздөн болот. Себеби, ал жерде Чоң Кеминдин балык чарбасынын балыгын сатууга шарт түзүп беребиз. Туристтерге Жантай хан маданий комплексин, уникалдуу шаркыратманы, тоолорубузду көрсөтүүгө өбөлгө түзүлөт. Кышкысын Ак-Түздөгү лыжа базасына кызыккандар барган сайын көбөйүүдө. Анын бир себеби, бул жердеги баалар абдан арзан. Меймандарды өзүнө тартып турган жаратылыш фонтаны бар. Алдын ала эсеп боюнча жол боюндагы комплек-стен жергиликтүү бюджетке жыл сайын 2.5 млн. сом түшүүсү керек. Боролдой айыл өкмөтү республикалык бюджеттин дотациясында. Бул комплекс курулса, жергиликтүү бюджетке кошумча каражат түшүп, отациядан чыгууга салым кошот, – дейт айыл өкмөт башчысы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *