Асылбек Жээнбеков: Бишкек ЖЭБи боюнча күнөлүүлөр жазасын алыш керек

Мындай пикирин депутат Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш жакшы ой менен чечимдерди кабыл алган. Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча Өкмөт тарабынан 2013-жылы 16-июлда келишимге кол коюлган. Бирок сентябрь айында тездетип карап бергиле деген сураныч менен мыйзам долбоор Жогорку Кеңешке келип түшкөн.

«Ким тездетип бергиле деп суранганын жакшы билесиздер. 10-сентябрда Жогорку Кеңештин 3 комитети карап, Жогорку Кеңеш бир күндө жакшы ой менен колдоп бергенбиз. Буга чейин дагы, бүгүн дагы Өкмөт тарабынан долбоорлорду кечиктирилгис кезексиз карап берүү тууралуу суранычтар келип жатат. Бишкек ЖЭБиндеги мыйзам бузууна авариядан киийн гана билип жатабыз. Авариянын келип чыгуу себебин иликтөө үчүн комиссия түзүүдө Өкмөт тарабынан өзүнчө комиссия түзүү, депутаттар ага мүчө болсун деген сунуш келип түшкөн. Биз макул болгон эмеспиз. Күнөөлүлөр жазасын алуу керек”, — деди ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү үчүн алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышын териштирүү боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө Жогорку токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу Өкмөттүн маалыматы угулууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.