Башкы прокурор: ЖЭБдеги авария боюнча тергөөнүн жыйынтыгында бир топ жаӊы жагдайлар ачыкка чыкты

ЖЭБиндеги авариянын себептери териштирилип, тергөө жыйынтыгында бир топ жаӊы жагдайлар ачыкка чыкты. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

«Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча бир катар кызмат адамдарына кылмыш иштери козголуп, азыр сотто каралып жатат. Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган 386 млн доллар насыя каражатынын жумшалышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында бир топ кызмат адамдарына кылмыш иши козголуп, азыр ал сотко өткөрүлдү», — дейт ал.

Андан тышкары, кытайдын ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, кыргыз тарап Бишкек ЖЭБин оӊдоого колдонула турган техникалык жабууларды сатып алуудан жана анын жүрүшүн көзөмөлдөөдөн четтеп калганы белгилүү болду. Ошондон улам, ТВЕА компаниясынын техникалык жабдууларды кыйла кымбат баада сатып алуусуна шарт түзүлгөн. Ушундай калпыстыктардын натыйжасында мамлекетке 111 млн. доллар өлчөмүндө ири зыян келтирилген.

Кылмыш иштеринин алкагында С.Исаковго, Ж.Сатыбалдиевге, О.Артыкбаевге, А.Калиевге, С.Авазовго, Ж.Назаровго, Т.Бримкуловго, О.Лавровага кызмат абалынан пайдалануу жана коррупция беренелери боюнча айып коюлууда. Ошону менен бирге, кылмыш иши козголгон адамдардын 413 млн 885 миӊ сом көлөмүндөгү мүлкү камакка алынды.