Өткүрбек Жамшитов: «Сапар Исаков Бишкек ЖЭБиндеги авариянын башкы күнөөкөрү»

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБиндеги авариянын башкы күнөөкөрү. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

«Ал өз максатын аягына чыгаруу үчүн өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чапкан. 2013-жылы 28-июнда ал өкмөттүк түзүмдөргө Бишкек ЖЭБин модернизациялоо жүргүзүү үчүн 386 млн. доллар насыя алууга протоколдук тапшырма берген. Тергөөнүн жүрүшүндө ЖЭБдеги модернизациялоо жана авариянын байланышы боюнча жагдай аныкталган. Мисалы жаңы энергоблоктордун кубаты мурдагы жабдыктарды алмаштыра албайт. ЖЭБдин модернизация болгон бөлүгүнүн максаты эски жабдыкка жардам гана болгон. Жаңы энергоблокту курбай эле мурдагы жабдыкты оңдоого же алмаштырууга болмок», — деди башкы прокурор.

Жамшитов кылмыш ишин талдоодон кийин 2013-жылы модернизациялоо чечими шашылыш кабыл алынган жана кытайлык компания менен келишим экономикалык жана техникалык негиздемесиз түзүлгөн деген тыянак чыгарса болорун айтты.

Ошондой эле Башкы прокурор, депутат Тазабек Икрамовдун кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан Бишкек шаарындагы жаӊы мектептин имаратынын курулушуна 2 млн. доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлүнгөнүн эске салып, ал боюнча козголгон кылмыш иши боюнча суроосуна, ТВЕАнын гранттык каражатына салынган мектеп өтө кымбат курулган, ага жумшалган каражатка 3 мектеп курса деле болот экенин билдирди.

Анын айтымында, мектептин имаратынын курулушуна 2 млн. доллардан тышкары, бюджеттен кошумча 104 млн. сом каражат каралганын белгиледи.

«Бул мектептин имаратын курууда курулуш талаптары сакталган эмес. Мектеп өтө кымбат курулган, ага жумшалган каражатка 3 мектеп курса болот. Келишим боюнча гранттык каражатка 2 мектеп курулмак болсо, бир гана мектеп курулуп калган. Дегеле, мында мыйзам талаптары таптакыр сакталган эмес», — деди ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү үчүн алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышын териштирүү боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө Жогорку токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу Өкмөттүн маалыматы угулууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *