Мектептерде ата-энелерден ыктыярдуу түрдө акча чогултууларга тыюу салынат

Мектеп жетекчилери мыйзамсыз акча чогултууларга жол бербеши керек. Ата-энелердин өз ыктыяры менен делип акча чогултууларга тыюу салынат. Мындай билдирүүнү Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага шилтеме берүү менен Өкмөттүн басма-сөз кызматы таратты.

Министр айымдын айтуусунда, жакынкы 2-3 күн аралыганда Бишкек мэриясы менен биргеликте буйрук чыгат.

«Мектеп директорлору анын аткарылыш боюнча керт баштары менен жооп беришет, керек болсо ээлеген кызматынан бошотулганга чейинки чаралар көрүлөт» дейт Кудайбердиева.

Ошондой эле өткөн жылда республикада 2336 мектепте 1,17 миллион окуучу билим алган. Быйылкы жылы 11-классты 61,7 миң окуучу, 9-классты — 93,1 миң, ал эми 480-сааттык программа боюнчамектепке чейинки даярдыкты 138 миң 5-7 жаштагы балдар бүтүп жатат.

Министрдин билдирүүсүндө, бул жылы мектепке чейинки билим берүүдө балдардын саны 2,5 эсе өскөн.