Мыйзамды сыйлоодо чиновник өзү үлгү болсо…

Акыркы учурларда өлкөнүн бир катар тармактарында айрым мыйзам бузуулар тыкыр иликтенип, амалкөйлөр кылтакка илинип жатат. Албетте, бардык учурда иштин чоң-кичисине карабай жетекчилер, катардагы кызматкерлер дегеле жөнөкөй жарандар мыйзамдарды урматтап, баш ийип, мыйзам чегинде иш жүргүзсөк, коом да таза болот.

Райондук деңгээлдеги айрым мамлекеттик кызматкерлердин жер-жерлерге барганда ал жердегилерден мыйзамдуулукту талап кылган учурларын кездештирип да, угуп да жүрөбүз. Өзгөлөрдөн мыйзамдуулукту талап кылган ошол чиновниктер өздөрү мыйзамдуулукту сактайт болду бекен деген ойго келип жүргөнүмдө «Райакимчиликтин кызматкери Азатбек Ражапбаевдин бул кызматынан сырткары дагы ишкердиктери бар экен,»-деген сөздү кулагым чалды. «Жел болбосо чөптүн башы кайдан кыймылдасын» деген ойдо журналисттик иликтөө жүргүзүүгө туура келди. Биздин кайрылуубузга Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынан 2018-жылдын 16.07 айындагы №09-694 жооп алдык.

«Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгы Сиздердин №17 10.07.2018-жылдагы катыңыздарда көрсөтүлгөн Ражапбаев Азатбек Абдылдаевичтин МСКнын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынан жеке ишкер катары каттоодон ИНН 22004195800261, ГКЭД «Растениеводство в сочетании с животноводством» деп өткөндүгүн билдирет жана Чулунова Роза Ракымбердиевна ИНН 10406196210055 ГКЭД «Растениеводство в сочетании с жидирет». Начальник Рахат Абдылдаев. (Чулунова Роза Ракымбердиевна А.Ражапбаевдин аялы)

А. Ражапбаевдин райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун күн батыш тарабында коюлган контейнерлерде, күркөлөрдө 7-8 ашкана, чач тарач иштейт. Аларды иштеткендер контейнерлерди өздөрү алып келип орнотуп, өздөрү патент менен иштешет. Алар жайгашкан жер участогунун ижара акысын жайкы мезгилде 3 миң сомдон, кыш мезгилинде 2500 сомдон А. Ражапбаевге төлөп турушат экен деген сөздөрдү 4-5 жылдан бери угуп келе жатканбыз. Жерине барып да көрдүк. Сүрөткө да тартып алдык.

А.Ражапбаевдин мындай көмүскө аракетине салык башкармалыгы байкамаксан мамиледе. Бир карасаң бардыгы мыйзам чегинде жүрүп жаткандай. А.Ражапбаев декларация толтурганда ал кирешесин жазбаса керек. Администрациянын кызматкерлеринин иши жыл сайын жылдык баалоодон өткөрүлөт. Ал үчүн жылдык ишмердүүлүк документтери толтурулат. Бирок, А.Ражапбаев иликтенген илинчектери жөнүндө кайдан ооз ачсын.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 1-бөлүмүнүн 3-пунктунда «Өзү же ишенимдүү жактар аркылуу

ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга, катышууга, ошондой эле бул үчүн кандай гана болбосун пайда алуу менен, жеке жана юридикалык жактарга ишкердик ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга тыюу салынат» – деп жазылган.

Ошол эле мыйзамдын 2-бөлүгүндө «ушул беренеде каралган чектөөлөрдүн сакталбаган фактысынын белгиленүүсү ээлеген кызмат ордунан бошотууга негиз болуп саналат»- деп жазылган.

Мыйзамды сыйлайлы. Мыйзам чегинде иш кылалы. Мамлекеттик кызматта иштегендерге ишкердик кылууга, укуктук формаларына мүчө болууга, ишкердикке көмөк көрсөтүүгө мыйзамда тыюу салынган. Биз окурмандар билсин деп журналисттик иликтөөбүздү жаздык. Иштин чоо-жайын аныктап, жыйынтык чыгаруу – мамлекеттик тиешелүү органдардын иши.

Тынчтык СУЛТАНОВ, Ат-Башы району