Чоң-Алайга жардам катары 13 млн 600 миң сом чогулду
Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркагандардын банктык эсебине 13 млн 600 миң сом чогулду. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Мындан тышкары, бүгүнкү күнгө карата өкмөт тарабынан убада кылынган 2 миң тонна цементтин 900 тоннасы жеткирилип берилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирген боюнча Чоң-Алайда болуп өткөн жер титирөөдөн 610 турак жай таптакыр жараксыз болуп калганы аныкталган.