Жогорку Кеңеште ЖЭБди жегендердин маселеси каралууда

14-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйында КР Генералдык прокурору Өткүрбек  Жамшитов өткөн жылдын январь айындагы Бишкек ЖЭБнин жарылышына күнөөлүү чиновниктерге козголгон кылмыш иштери тууралуу суроолорго жооп берди. Алар ЖЭБ үчүн оңдоого бөлүнгөн акчадан менчиктеп алышканын айтты.

Ө.Жамшитовдун билдиргенине караганда энергетиктер ЖЭБдин имаратынын чатыры начар экенин жана бүтөлбөгөн сынык терезелерин билип туруп жашырып коюшкан. Андан тышкары, андагы жабдууларды демонтаждоону туура эмес жүргүзүшкөн.  Абанын температурасы кескин ылдыйлаганына байланыштуу химияланган тузсуз суунун деңгээли түшүп кеткен. Андагы чиновниктер жылытуу мезгилине дээрлик даярдык көрүшпөгөнү ачыкталды. Анын кесепетинен мамлекетке 89,6 млн. сом чыгым келтирилген. Жыл сайын ЖЭБди кышкы мезгилге оңдоп даярдоого 400 млн. сом бөлүнүп турган. Бирок, чиновниктер жалган фирмалар аркылуу бөлүнгөн каражаттан өз кызыкчылыктары үчүн чыгымдап турушкан.

Жылуулук борборун модернизациялоо боюнча келишим башынан эле натыйжасыз болуп түзүлгөн. Курулуш материалдары абдан кымбат баада алып келинген. Мисалы, эки трубинанын рыноктогу баасы 22 млн. доллар болсо, ал отчетто 25 млн. доллар болуп көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, бул иш боюнча жоон топ чиновниктер айыпталып жатат. Азыркы учурда  мурдагы эки өкмөт башчысы – Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков айыпталып камакта отурат. Бул экөөнөн тышкары, мурдагы энергетика министри, экс-депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергетикалык холдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев баштаган энергетиктер да камакта.  Парламентте ЖЭБге жабдууларды сатып алуулар Сапар Исаковдун тапшырмасы менен болгону айтылды.  Депутаттар ЖЭБдин модернизациялоого кеткен чыгымдын чыныгы наркын ТВЕА компаниясынан тактап билүүнү көтөрүп жатышат. (НН)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *