Илим Карыпбеков КТРКнын башкы директорлугуна ат салышат

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын учурдагы директору Илим Карыпбеков кайрадан КТРКнын башкы директорлугу кызматына өз талапкерлигин койду. Бул тууралуу ал Facebook тагы баракчасында жазган.

Илим Карыпбеков бир нече ирет директорлук кызматына кайра барбай турганын айткан. Ал буга көптөгөн объективдүү жана субъективдүү себептер болгонун жазат.

Бирок Карыпбеков КТРКнын жамааты Президентке, Байкоочу кеңешке,  парламентке жана анын өзүнө кайрылуусунан улам, мындай чечимди кабыл алганын билдирген.

«Тилекке каршы айрымдар КТРКнын 4 жылдагы ишин терс маанайда көрсөтүгө далалат жасашууда», — дейт ал.

Эскерте кетсек, КТРКнын директору 4 жыл убакытка шайланат. Учурда аталган кызматка төрт талапкер катталганы маалымдалууда.