«Жаңы кодекстер зарылдыктан жана турмуштук тажрыйбадан улам жаралды»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


ИИМдин жоруктар жөнүндө иштери боюнча ашкармалыгынын башчысы Бегалидин ПИРМАНОВ менен болгон маек.

– Бегалидин Рахманкулович, бүгүнкү күндө коомчулукта кызуу талкуу жүрүп жаткан жаңы кодекстердин эмне зарылдыктан улам жазылганына жана кабыл алынганына, ишке ашырылып жатканына токтолсоңуз?

– Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери, улуттук мыйзамдар болгон эмес. Себеби биз совет доорунан калган мыйзамдардын көчүрмөсү менен иштеп келгенбиз. Мамлекетибизде жүрүп жаткан сот-укуктук реформанын алкагында жалпы ушул багыттагы мыйзамдарды да реформалоо зарылчылыгы болгон. Мурда соттук-укуктук реформалар толук кандуу жүрбөстөн, жарым-жартылай жүрүп келген. “Чаланын иши чала” дегендей, чалагайым реформалар жана ал чалагайым реформаларды чалагайым аткаруу кандай натыйжаларды бериши мүмкүн? Натыйжада, укук коргоо системасына, анын ичинде сотторго, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөчү органдарга, ички иштер органдарына карата бир катар сындар айтылып келген. Ошентип, коомдо жазык укук жаатындагы кодекстерди жаңылоо зарылдыгы жаралган.

– Учурда коомчулукта жаңы кодекстер соттук-укуктук реформалардын алкагында жүргөнүн түшүнүп калышты. Бул кодекстердин кабыл алынышын колдогондор бар. Ошентсе да, жалпы окурмандар үчүн айта кетсеңиз, мыйзамдар кандай багытта өзгөрдү?

– Айта кетчү нерсе соттук-укуктук реформа бир нече баскычтан турат. Биринчи баскыч, сот структурасын жаңылоо болсо, экинчиси жазык укук багытындагы мыйзамдарды реформалоо. Мезгил жана турмуш өзү көрсөткөн зарылдыктан, ошондой эле эгемен мамлекет катары басып өткөн чейрек кылымдык укуктук тажрыйбабыздан улам, мыйзамдар эки багытта өзгөрүүгө учурады, тактап айтканда, эки багыттагы жаңы мыйзамдар кабыл алынды. Биринчиси, граждандык багыттагы мыйзамдар жана экинчиси жазык-укуктук багыттагы мыйзамдар. Колдонулуп келген Кылмыш жаза кодексинен чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар бөлүнүп, өзүнчө Жоруктар жөнүндө кодекске киргизилип, кабыл алынды. Ошондой эле мурдагы административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстен майда кылмыштын белгилери бар, укук бузуулар бөлүнүп алынып, алар дагы Жоруктар кодексине киргизилген. Ошентип, жаңы Жоруктар жөнүндөгү кодекс кабыл алынган. Мурда жаш балдар майда уурулук кылып, тоок уурдаса, бир казан уурдаса, ал кылмыш катары эсептелип, кылмыш жообуна тартылып, соттолуп, соттолгон болуп калчу. Ошентип, жаш баланын тагдыры он гүлүнүн бир гүлү ачылбай жатып талкаланчу. Жаш өспүрүмдөр балакатка жетип калганда, башы тумандап, эч нерсе көзүнө көрүнбөй калган мезгилдер болот эмеспи. Мындай курак ар бир жаш адамдын башында бар. Тоок уурдайбы, же майдачүйдө башка уурулук кылабы, айтор бирдин ичинен чыгат. Адамдын жетилүү, калыптануу процесси – физиологиясы ушундай. Арийне, баштагы Кылмыш жаза кодексине майда уурулук үчүн катаал жаза каралып калгандыктан, каалайбызбы же жокпу жүздөгөн адамдардын келечегине билип-билбей, каалап-каалабай балта чабылып калчу. Жаңы кодекстердин негизги артыкчылыктарынын бири ошол каталыктарга, мүчүлүштүктөргө оңдоо киргизилген. Жаңы мыйзам боюнча майда уурулук жасаса, 16 жаштан баштап, жоопко тартылат. Бул бир топ гумандуулукка алып келип, соттолгондордун санын азайтат.

– Чыңгыз Айтматов “Дүйнөнү биз өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт” дегендей, соттук-укуктук реформа дурус жагына өзгөрүп жаткан турбайбы?

– Жаңы кодекстердин артыкчылык жактары арбын. Биз бүгүн глобалдашкан, санариптештирилген мезгилде жашап жатабыз. Мамлекетибиз жалпы санариптештирүүгө өтүп жатат. Быйылкы жыл санариптештирүү жылы да болуп жарыяланды. Ал эми жазык укук багытында да кылмыштарды жана жоруктарды каттоо, аларды талдоо, сактоо санариптик тартипте жүргүзүлөт. Укук коргоо органдарынын жүргүзгөн иштери, аракеттери электрондук тартипте болуп, жабырлануучу өзүнүн арызынын кайсы стадияда каралып жатканын интернет аркылуу көрүп, көзөмөлдөгөнгө мүмкүнчүлүк болот. Буга чейин эл аралык коомчулукта бизге бир катар сын айтылып келген. Ошондон улам, жаңы кодекстерди иштеп чыгууда гумандаштырууга жана жабырлануучуларга келтирилген зыяндын ордун толуктоого басым жасалган.

Жаңы кодекстер боюнча, жорук жасагандар сот тарабынан жазасын алат, бирок соттолгон болуп эсептелбейт. Жорук жасагандыгы үчүн, эркинен ажыратуу менен байланышпаган, башка жазалар колдонулат. Мисалга, коомдук иштерге тартуу, түзөтүү иштерге тартуу, айып пул, ээлеген кызматынан бошотуу, же тиешелүү иш алпаруу укугунан ажыратуу, эркиндиктерин чектөө жана аскер кызматкерлери үчүн гаупвахтка алуу сыяктуу жазанын түрлөрү колдонулат.

Ал эми Жоруктар кодексине токтолсок, Жоруктар кодекси 187 беренеден турат. Өзгөчө бөлүгүндө 123 берене бар. Ошонун 78 беренеси боюнча ИИМ иш алып барат. Калган беренелер боюнча башка укук коргоо органдары: экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү органдары, ЖАМК ж.б. иш алып барышат.

– Жаңы кодекстерге ылайык, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри пайда болду. Жарандардын милицияга кайрылышы жеңилдеди. Бул колдоого татырлык.

Мурда КУП – кылмыштарды каттоо китеби бар эмес беле. Бул китепке каттоо же каттабай коюунун өзүндө коррупциялык схема болуп келгени эч кимге жашырын эмес. Коомчулукта “КУПка катталбай калыш үчүн тиги же бу кылмыш ишине тиешеси барлар пара беришет” деп айткандарын угуп калчубуз?..

– Мүмкүн андай окуялар болсо болгондур. Азыр кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри ачылды. Бул жарандардын ички иштер органдарына арыз менен кайрылышы үчүн ыңгайлуу. Башта жарандар ички иштер бөлүмдөрүнө келип, арыз жазса, азыр 102ге телефону аркылуу кайрылса эле жетиштүү. Бирдиктүү реестрге катталган соң болду, аны эч ким өчүрө да албайт жана көңүл жаздымында да калбайт. Азыр реестрге катталганда эле, кызыл жарык күйүп, ал жерге тергөө-ыкчам аракеттеги топ барып, тергөө иштерин башташат. Азыр өкмөттө санариптештирүү маселеси күн тартибинде турбайбы. Бул жаңы кодекстерде да ошол санариптештирүүгө өтүү маселеси да каралган. Айта кетчү нерсе, тергөө жүргүзүү формасы өзгөрдү жана ал эки формада жүргүзүлөт. Биринчиси кылмыштар боюнча тергөө формасында, ал эми жоруктар боюнча алгачкы текшерүү формасында.

– Мурда кылмышка шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын аныктоодо да коррупциялык схемалар бар деп айтышчу эле?..

– Азыр анчалык оор кылмыш жасабаса, бөгөт коюу чарасын колдонбой койсо деле болот. Иштеген, жашаган жери болсо, үй-бүлөсү болсо, тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылбаса, качып кетем деген ою жок болсо, сотко чейинки өндүрүштө камакка албай эле тергөөнү аяктаганга мүмкүнчүлүк бар. Эгер кылмыштын жагдайы оор болсо, камакка алынат. Жогоруда айтылгандардан башка, дагы бир топ институттар каралган. Булар депонирлөө, дистанциялык суракка алуу (видео допрос), процесстик макулдашуу, юридикалык жактарга карата жазык укуктук таасир этүү чараларын көрүү, пробация сыяктуу жаңылыктар киргизилген. Булардын баары жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоону камсыз кылууга, сотко чейинки өндүрүштү жана сот отурумдарын жүрүшүн жөнөкөйлөтүүгө багытталган.