Аскар Салымбеков жана алдыга кеткен кыргыз футболу

Күйөрмандары оголе арбын кыргыз футболу жөнүндө сөз болгондо эң оболу “Дордой” футбол клубу жана Аскар Салымбековдун ысымы биринчилерден болуп аталат. Мунун себеби түшүнүктүү: Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийинки мезгил түркүн башка чөйрөлөр сыяктуу эле футболго да терс таасирин тийгизбей койгон жок. Ошондой кезде, футболду камкордукка алууга өлкөнүн чама-чаркы жетпей калганда , Аскар Салымбеков сыяктуу мыктыларыбыз бар экен, баарына чыдап, эч жалтактабай болгон оордукту көтөрүп кетүүгө илгерки Айкөл Манастай, эли айтаарлыктай көмөк-салымын кошушпадыбы!

Ооба, “Дордой” футбол командасы дегенде, элдин эсине дароо “Дордой” ассоциациясы түшпөй койбойт. Булар бирибиринен ажырагыс, бирин-бири толуктап, алдыны карай умтулууга дем-күч берип турат.

Эл оозундагы, ар дайым элдин көңүлүндөгү “Дордой” ассоциациясы менен “Дордой” футбол клубунун пайда болушу, улам өйдөлөп көтөрүлүшү эң алды Аскар Салымбековго, анын өмүр жолундагы урунттуу учурларга байланыштуу. Берирээктен, жаштык кезинен баштасак, Аскар Салымбековдун алгачкы адистиги – тарыхчы. Ал эми кийин ээ болгон жогорку билими боюнча – экономист. Биринчи аткарган кызматы – дене тарбия институтунун комсомол комитетинин катчысы. Андан кийин жети жыл Кыргызстан комсомолунун Борбордук Комитетинде эмгектенди. Ал кезде жаштар жана жаш адистер бөлүмүнүн башчысы болуучу. Болжонгон, өткөрүлгөн көптөгөн иш чараларга баш-оту менен аралашкан Фрунзе шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жаш төрагасы Аскар Салымбеков үчүн мында өткөргөн беш жыл өтө пайдалуу да, өрнөк алчу жактары арбын да болду.

Ал үчүн өзгөчө эсте калаарлык учур — эгемендикке жеткен мезгил, 1993-жыл. Ошол кезден “Дордой” ассоциациясы уюшулган жана ошондон бери ийгиликтүү иш жүргүзүп келе жатат. Буга аты уйкаш “Дордой” футбол клубунун сапары да ошол мезгилден башталат. Ал учурда футболдун абалы абдан кейиштүү эле. Союз (СССР) менен кошо футбол командалары да таркоо-жоюлуу коркунучуна туш келген. Мындай оорчулукту союздун биринчи лигасында ойногон Кыргызстандын “Алга” футбол командасы да тартпадыбы. Атүгүл республикалык футбол чемпионатына катыша турган командалар жетишпей, деңгээл-чеберчилиги алымсындырбагандарды да аралаштырганга аргасыз болушпады беле. Ушундай чакта жаңы “Дордой” клубун түзүү, аны уламдан-улам күчтөнтүү, машыгып, оюндарды өткөрүү үчүн адеп “Дордой” стадионун, андан соң “Дордой” спорт ордосун куруу жеңилге турбаганы айтпаса да түшүнүктүү болсо керек. Футболго жаңы жаш таланттарды тартуу, өзүбүздөгү жана чет элден күчтүү оюнчуларды чакыруу иштери жолго салынганы, “Дордой” клубуна гана эмес, жалпы кыргыз футболуна чоң утуштарды берди. Жыйынтыгы болсо бардыгына белгилүү: “Дордойдун” футболчулары Кыргызстандын көп жолку чемпиону, бул клубдун оюнчулары арбын тартылган Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы эл аралык мелдештерде улам көбүрөөк ийгиликтерге жетише баштады. Кийинки Азия футбол чемпионатында күчтүү командалардын катарында 1/8 финалдык оюндарга катышканы кыргыз футболунун дүйнөлүк рейтинг-аброюн кыйла жогорулатты.

Баарын кубанткан көрүнүш, өлкө Президенти Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен алдыга кеткен кыргыз футболуна кошкон бараандуу салымы үчүн Аскар Мааткабылович Салымбековго III даражадагы “Манас” орденинин берилиши болду.

Эл ардактаган А. Салымбеков кыргыз футболуна да , улуттук экономиканы өнүктүрүүгө да, республиканын маданий-рухий чөйрөсүн колдоо жагына да өзүнүн олуттуу көмөксалымын кошуп келе жатат. Ал эми алыскы Нарын облусунда, өзү туулуп-өскөн Ат-Башы районунда футбол жана спорттун башка түрлөрү боюнча өсүш-ийгиликтердин жаралышы, ыңгайлуу жаңы спорт жайларынын иштей башташы көбүнесе Аскар Салымбековдун ак пейилдүү аракетине жана анын иш билги, эң мыкты команда-адистерине байланыштуу.

Элдин оор жүгүн көтөрөт деген ушул эмеспи: ал “Дордой” ассоциациясынын президенти, “Көк-Бөрү” федерациясынын ардактуу президенти, Кыргызстандын Улуттук Олимпиадалык комитетинин мүчөсү, 2006-жылдан бери өлкөнүн Базарлар, сода ишканалары жана тейлөө тармагы ассоциациясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин III жана IV чакырылыштарында депутат болуп да шайланган.

Бүгүн болсо, Аскар Салымбековго мурда берилген “Эмгектеги каармандыгы үчүн”, “Даңк” медалдарына, Академик Леонтьев атындагы алтын медалына, Россиянын “За заслуги перед Родиной и Отечеством” жана “Петр Великий” ордендерине, Кыргызстандын Ардак грамотасына, “Руханият” эл аралык сыйлыгына маани-аты улук III даражадагы “Манас” ордени кошулду.

Ооба, элин ойлогон эл уулунун жасаган иштери мындан да алда канча арбын экенин көпчүлүк жакшы билет…

Курманбек РАМАТОВ