Ооган согушу, татаал тагдыр

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, «Кыргыз Туусу»


Он жылга жакын аралыкка созулган Ооган согушуна Кыргызстандан 7141 жоокер аттанган. Анын 252си курман болгон, 586сы майып, 1500дөн ашыгы жарадар болуп кайткан, төрт адам дайынсыз жоголгон.

Мен «Труд» гезитинин 2007-жылы 15-февралындагы санынан “Не забывай нас, Родина!» деген макаланы окуп калгам. Анда Ооган согушунда дарексиз жок болгон көп улуттуу советтик жоокерлердин тизмеси жарыяланган болчу. Алардын арасынан кыргызстандык эки жоокердин фамилиясы бар эле. Анын бири – Кочкоров Орозали болчу. Андан ары «Кочкоров Орозали Токтоназарович катардагы жоокер, 1963-жылы туулган, үй дареги: Кыргызстан, Ош облусу, Ленин району, Сакалды айылы. Афганистанда 51883-аскердик бөлүктө кызмат өтөгөн. 1983-жылы 14-апрелде Герат провинциясында дайынсыз жоголгон. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча 1990-жылдын апрелине карата туткунда болгон деп саналат» деген маалымат бар экен.

Тизменин аяк ченинде Евгений Харитонов да бар болчу. Ал жөнүндө «Харитонов Евгений Иванович, катардагы жоокер, 1960-жылы туулган, үй дареги: Кыргызстан, Сокулук району, Сокулук айылы. Армияга 1978-жылы 15-октябрда чакырылган. 1979-жылы 27-декабрдан тартып Афганистанда 93992-аскердик бөлүктө кызмат өтөгөн. 1980-жылдын 6-июлунда дайынсыз жоголгон”, – деп жазылган.

«Российская газетасынын» 2009-жылдын 13-февралында чыккан санында 1980-жылы 26-июнунда Бадахшан провинциясында дайынсыз жоголгон сокулуктук сержант Петр Алексеевич Зимонтовский менен 1980-жылы 18-апрелде ушул провинциясында дайынсыз жоголгон сержант Кудайбердиев Нурбек Шамшидиновичтин фамилиясы жарыяланган.

Өткөн жылы кагаздардын арасынан ошол гезиттерди таап алып, ушул маалыматты кайрадан окуп чыгып алдардын жакындарын иликтөөгө аракет кылдым. Өткөн жылдын аягында Жалал-Абад шаарына барганда, Ооган согушунун ардагерлеринин облустук кеңешинин төрагасы Толубай Энназаровго жолуккан болчумун. Андан ноокендик Кочкоров Орозалинин туугандарын сураштырдым. Төрага мага «караштырып беремин» деген убадасын берип, экөөбүз бири бирибиздин телефондорубузду жазып алганбыз.

Жакында Толубай мага телефон чалып:

– Төлөнбай аке, мен Кочкоров Орозалинин бир тууган Аскарали деген агасын таап сүйлөштүм. Эртең Ош жана Жалал-Абад шаарынын Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин жетекчилери жолугушат. Убактыңыз болсо биз тарапка өтсөңүз, – деп калды.

Эртеси Ооган согушунун ардагерлеринин Ош шаардык Кеңешинин жетекчилери менен бирге Жалал-Абадга өттүм. Бизди Кочкоров Аскарали күтүп туруптур.

Сөздү Толубай Эрназаров баштады:

– Биз Кочкоров Орозали менен бир бөлүктө кызмат кылган Тургунбаев Олжобайды да чакырттык эле, анын зарыл иши чыгып келе албады. Орозали жөнүндөгү маалыматты анын бир тууган агасы Аскаралиден алып турсаңыз болот. Ал инисинин сүрөттөрүн да ала келиптир.

Кийинки сөздү Аскарали алды:

– Биз көп үй-бүлөдө чоңойдук. 10 бир тууганбыз. Орозали 1963-жылы туулган. Ал 8-классты бүтүргөндөн кийин Фрунзедеги электр монтаждоочуларды даярдоочу кесиптик-техникалык окуу жайына кирип, анда 3 жыл окуган. 1981-жылы 3-апрелде Советтик Армиянын катарына чакырылып, Самаркан шаарында машыгуудан өткөндөн кийин Ооганстандагы советтик аскерлердин курамында Герат шаарындагы №51883 аскердик бөлүктө кызмат кылган.

Үйгө тез-тез кат жазып, атам менен апамдын ден соолугун, кичүү инилеринин, карындаштарынын окууларын сурап турчу. «Кызматым жакшы, биздин бөлүктө кызмат кылган кыргыз балдар да бар, рейддерге чыгабыз» деп жазгандары эсимде, сүрөттөрүн да жөнөткөн.

Арадан эки жыл өтүп, Орозалини аскерден «жакында келет» деп турганбыз. Андан кичүү Касымалыны аскерге узаткан күн болчу. Аны узатып келгенбиз. Андан 2 саат өтүп өтпөй, райкомдун биринчи секретары, колхоздун башкармасы Жуманазар Бечелов, айылдык кеңештин төрайымы, аскер комиссары, дагы бир топ аскер кийимин кийген адамдар үйгө кирип келишти.

Алар бизге «силердин уулуңар Кочкоров Орозали Ооганстанда дайынсыз жоголду» деген кабарды угузушту. Баарыбыз ишенип-ишенбей бир саамга дел болуп туруп калдык. Апам менен карындаштарым чыңырып ыйлашып, эмелеки тынч турган үй заматта ыйга, ызы-чууга толуп чыкты.

Апам байкуш бакшыларга көп барды, алар «уулуңуз тирүү» деп айтышса, бир кабар угуп каламбы» деп көзү өткөнчө күтүп жүрдү. «Балам тирүү болсо, келип калабы, көрүп каламбы» деп эзилип жүрүп, 1997-жылы 70 жашында дүйнөдөн өттү.

Атам да ичинен көп сызылып жүрчү, бирок анысын сыртка чыгарбай, апабызды сооротууга аракет кылчу.

Ошол жылы 6-майда бизден 15 чакырым аралыктагы Бирлик деген айылда жашаган Орозали менен бирге кызмат кылган Тургунбаев Олжобай келип калды. Ал инимдин панамасы, кайыш куру, фотоальбому салынган дипломатын көтөрүп келиптир. Аны апамдын колуна тапшырган. Апам ошондо да Орозалинин кайыш курун, панамасын жыттап, сүрөттөрүн көрүп, көпкө чейин шолоктоп ыйлаган.

Өткөн жылы июнь айында Кара-Көлдө жашаган Гүлай эжемдин уулу Канжар деген жээним НТВ телеканалынын «Итоги недели» программасын көрүп жатып, таякеси Орозалинин тирүү экендигин угуп калат. Ал бизге телефон чалды.

Бир туугандар интернеттен НТВ телеканалынын 2018-жылы 17-июндагы Россиялык белгилүү журналист Ирида Зейналова алып барган «Итоги недели» программасын издеп таап, телеканалдын кабарчысы Анатолий Майоровдун Гераттагы аскердик музейде иштеген кызматкердин Орозалинин тирүү экендиги, азыркы учурда Гур провинциясынын бир шаарында электрик болуп иштеп жаткандыгы тууралуу маалыматын угуп, баарыбыздын көзүбүздөн жаш кылгырды.

Биз НТВ каналынын кабарчысы Анатолий Майоровдун маалыматтарына таянып, Бишкектеги Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин тең төрагасы Жолдошбек Бейшеевге кайрылдык.

Ага рахмат, КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын алдындагы жоокер-интернационалисттердин иштери боюнча комитеттин жардамына таянып, бир тууганыбыз Орозалинин тирүү экендигин тастыктап, ал жашаган шаарды тактап беришти.

Акбарали уюлдук телефонуна кимдир бирөө чалып калгандыктан, ал сөзүн ушул жерден токтотту.

Сүйлөшүп бүткөн соң, мага кайрылып:

– Ноокендин Бирлик деген айылында жашаган Орозали менен бирге кызмат кылган Тургунбаев Олжобай телефон чалып, сизди сурап жатат, аны менен да сүйлөшүп көрөсүзбү? – деп калды.

Мен башымды ийкедим.

О.Тургунбаев мындан 36 жыл мурда болгон окуяны айтып берди.

– Биз Гератта №51883 аскердик бөлүктө кызмат кылганбыз. Орозали дайынсыз жоголгон күн 1983-жылдын 14-апрель айында түшкү саат 12 болчу. Командирден «кезектеги рейдге кеткендердин ичинен Кочкоров Орозали менен Аманов Уктам кайтып келген жок, баарыңар издөөгө чыккыла!» деген буйрук келди. Жоголгон эки жоокерди бүт дивизия издеп чыкты. Алар душмандар менен акыркы огу калганча атышкан. Себеби, дарыянын жээгинен автоматтан атылган 56 гилзаны таптык.

Душмандар тирүү же жарадар болгон советтик солдаттар жана офицерлер үчүн белгилүү суммадагы акча алып тургандыктан, алар үчүн экөөнү өздөрү менен алып кеткен материалдык жактан пайдалуу болчу. Менин оюмча, экөө тең жарадар болуп, эс-учун жоготкондо душмандар аларды арабага салып алып кетишкен. Анткени, дарыянын жээгинде турган араба канга боёлуп калган экен.

Бул окуяны аягына чейин тастыктоо үчүн Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы Жолдошбек Бейшеевге кайрылдык.

– Биз тышкы иштер министрлигине кайрылып, тилекке каршы, канааттандырарлык жооп ала албадык. Өткөн жылдын 24-октябрында Москвада КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын алдындагы жоокер-интернационалисттердин иштери боюнча комитеттин координациялык кеңешинин отурумуна катышып, мен комитеттин төрагасынын орун басары Михаил Желтаковго бул маселе боюнча кайрылдым. Анын иликтөө тобунун кызматкерлери жердешибиз Орозалини таап берүүдө абдан чоң эмгек жасашкандыгын баса белгилеп өтүү зарыл. Учурдан пайдаланып аларга ыраазылык билдирип койгубуз келет. Алар Орозалинин жашаган, иштеген жерин жана үй-бүлөлүү экендигин так аныктап беришти.

Дайынсыз жоголгон жоокерлер менен жолугушуунун, сүйлөшүүнүн атайын процедуралары бар. Азыркы учурда бул багытта тиешелүү жумуштар жүргүзүлүп жатат. Ал аягына чыкса, жалпыга маалымдоочу каражаттардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Орозали Кочкоровду бир туугандары менен сүйлөштүрөбүз. Аманчылык болсо, сиздер менен дагы жолугабыз.

Мындай күтүлбөгөн, адаттан тыш окуянын кандай өнүгөөрүн мезгил өзү көрсөтөт, аманчылык болсо, аны да окурмандарга баяндап беребиз.

Коомчулук, журналисттер сокулуктук Петр Зимонтовский, Евгений Харитонов жана бишкектик Нурбек Кудайбердиевди тереңирээк иликтеп көрсө, алардын да дайыны чыгып калат беле деген да ой келди.