Көгарт дарыясына боюн таштаган келинди милиция кызматкерлери куткарып калышты

Кечээ, 30-май күнү, кечки саат 18:30тар чамасында  Сузак районунун Көк-Арт дарыясындагы көпүрөдөн боюн таштаган келинди Жалал-Абад облустук патрулдук милициясынын кызматкерлери куткарып калышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБсинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган көпүрөдөн секирүүгө аракет кылып жаткан келинди көрүп калган Сузак айылынын тургуну («КаМАЗ» айдаган айдоочу) бул тууралуу патрулдук милицияга кабарлаган. Алар келгенче сууга боюн таштап жиберген келинди агып бара жаткан жеринен ошол эле патрулдук милициянын кызматкерлери, милициянын старшинасы Ж.Мурзакулов, милициянын сержанты Б.Сапарбай уулу жана милициянын прапорщиги Ж.Рахмановдор сууга секиришип куткарып калышкан.
Натыйжада  М.З. Сузак районунун аймактык ооруканасынан биринчи медициналык жардам алып чыккан соң эч кимге эч кандай арыз доосу жок экендигин айтып, соттук медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.
Маалыматка ылайык, 6 баланын энеси үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өз жанын кыюуга аракет жасаган.