«Жайыттарды жана мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртуу» долбоорунун жетишкендиктери

«Жайыттарды жана мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртуу» долбоору КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2015-жылдын 18-майында КР Мыйзамы менен ратификацияланган каржылык келишимдин негизинде, Чүй жана Талас облустарында ишке кирген. Долбоордун жалпы баасы 15 млн. доллар, 2015-2019-жылдар аралыгында ишке ашырылып келет. Долбоордун максаты – жайыттарды жана мал чарбачылыгын жамааттык башкарууну жакшыртуу, жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин, анын аткаруучу органы – Жайыт комитеттеринин, жеке ветеринарлардын көрсөткөн кызматтарынын сапаттуулугун жогорулатуу, жайыттардын жеткиликтүүлүгүн адилеттүү камсыздоо жана жайыт жерлеринин деградациясы менен күрөшүү.

Жайыттарды пайдалануудагы жамааттык план

Долбоордун негизги аракеттеринин бири: «Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык пландын» бирдиктүү  форматын  беш  жылдык,  бир жылдык мезгилдерге иштеп чыгуу эле. План жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин иш-чараларды туура пландоого, жаратылыш ресурстарын аяр колдонууга көмөктөшөт. Алгач (2016-жылы), пландар жаңы формат боюнча  16  пилоттук  жайыт  пайдалануучулар бирикмесинин базасында түзүлгөн. Долбоордун кийинки жылдарында пландар Чүй, Талас облустарынын бардык 140 бирикмесинде түзүлүп, Райондук агрардык өнүгүү  башкармалыктарынын  колдоосуна ээ болуп, айылдык кеңештер тарабынан бекитилген.

Жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин демилгелерин колдоо

Долбоор Чүй жана Талас облустарынын жайыт пайдалануучулар бирикмелерине 400 микродолбоорду ишке ашырууга көмөктөштү. Аны ишке ашырууга 6,5 миллиондон ашык доллар бөлүнүп, жабдыктарды алуу, ветеринардык клиниканын курулушу, мал суу ичүүчү жайлар, жолдор менен көпүрөлөр, бастырмалар, кашааларды салуу жана капиталдык оңдоо, Беккари чуңкурун куруу пландалып, аткарылган. Жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин өздүк салымдары накталай акча, кол эмгеги жана материалдары – чакан долбоордун 25% кем эмес болгон. Натыйжада Чүй облусунда 271, Таласта 122 чакан долбоор ишке ашкан.

Жайыттардын абалын изилдөө: мониторинг жана баалоо Жайыттарга мониторинг жүргүзүү – жайыттарды башкаруу планынын маанилүү бөлүгү, жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин аткаруучу органы – Жайыт комитеттеринин функционалдык милдеттери. Ал жайыттарга мал жаюунун жайыттардын абалына, жайыт түшүмдүүлүгүнө, жайыт жерлериндеги зыяндуу тенденциялардын өөрчүшүнө тийгизген таасирин аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Мониторинг ар бир мезгил сайын, бир жылда төрт жолу жүргүзүлүп, келерки жылдын планын түзүүдө колдонулат.

2017-2018-жылдары ушул долбоордун алкагында, Чүй жана Талас облустарынын бардык Жайыт комитеттери кайчылаш сызыктар ыкмасын колдонуу менен жайыттарга мониторинг жүргүзүшкөн.

Суусамырдагы «алтыгана» менен күрөшүү

Акыркы жылдары Суусамыр өрөөнүндө мал жебей турган алтыгана өсүмдүгү жыш өсүп келүүдө. «Жайыттарды жана мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртуу» долбоору бул өсүмдүктүн мындан ары көбөйүүсү менен күрөшүү иштерин баштаган. Биринчи жайыттардын деградацияга чалдыккан аянты аныкталып, 16 000 гектардан ашык отоо чөптүн ареалын көрсөткөн карта түзүлгөн.

Алтыгана менен күрөшүү боюнча практикалык колдонмо даярдалып, ал боюнча Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институту жана Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти биргелешип эксперименталдык иштерди өткөрүшүүдө.

Техникалык жардамдар

Аталган  долбоордун  жүрүшүндө Чүй,Талас облустарынын жайыт пайдалануучулар бирикмелери техникалык жабдууларын жакшыртышты. Кеңсе техникалары, эмеректер, маалыматтык доскалар жана GPS-түзмөктөр берилген. Ар бир комплектинин баасы 2000 долларды түзөт, гранттык жардамдын жалпы суммасы 20 млн. сомдун тегерегинде. Түзүлгөн Жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин райондук ассоциациялары жалпы суммасы 1,7 млн. сом болгон уктоочу мүшөктөргө, чатырларга жана рацияларга ээ болушту. Бардык 140 Жайыт комитетине малды жайкы жайлоого айдоо мезгилинде керектүү боз үйлөр тапшырылган. Долбооржайыттарды башкарууга тартылган институттарга техникалык жардам көрсөткөн.

Жайыттарды жакшыртуудагы илимий изилдөөлөр

Демонстрациялык участок – бул белгилүү бир мөөнөткө «эс алдырып», мал кирбегендей кылып, атайын тосмолор менен курчалган жайыт тилкеси. Чүй жана Талас облустарында ушундай участоктордон үчөө түзүлгөн: Кемин районунда Боролдой, Панфилов районунда Фрунзе жана Кара-Буура районунда Кара-Буура участоктору. Бардык участоктордо эки жылдык эксперименттин жыйынтыгында чөптөрдүн өсүшү жакшырган. Андыктан жайыттарды жакшыртуунун бул ыкмасын пайдалануу боюнча сунуштар Жайыт комитеттерине берилген. Үрөнчүлүк участокторундо тоюмдуулугу жогору тоют чөптөрүнүн уругун көбөйтүп, аны Жайыт комитеттеринин жана фермерлердин арасына жайылтуу максаты көздөлгөн.

Мал чарбачылыгын өнүктүрүүдөгү илимий изилдөөлөр

Долбоор Панфилов, Кара-Буура жана Кемин райондорундагы фермердик чарбаларды моделдик чарбалар катары тандап алган. Жыйынтыгында малды жайыттарга жаюу канчалык деңгээлде алардын абалына, салмагына жана башка зарыл болгон габариттерине кандайча таасир этээрин көрсөтмөк. Изилдөөгө 60 баш мүйүздүү жаш бодо мал пайдаланылган. Биринчи ченеп алуу (салмагы, карыш бийиктиги, төшүнүн көлөмү менен салмагын эсептөө) апрель-май айларында жайытка айдап кетер алдында жасалган. Алты айдан кийин мал жайыттан түшкөн мезгилде экинчи ирет ченелген. Жыйынтыгында ар бир малдын салмагы 120 килограммга, суткасына 600 граммга өскөн.

Билимдерди жакшыртуу

Долбоор Жайыт комитетинин башчылары жана мүчөлөрүнүн, жеке ветеринарлардын квалификациясын жогорулатуу максатында тренингдерди өткөргөн. Семинарлар жайыт мыйзамдарынын маселелерине, жайыттардын сапатын жакшыртуу,  аларды  башкаруунун  планын  түзүү, малдын  ден-соолугун  көзөмөлдөө  жана башкаларга тийиштүү болгон. Окуу – маалыматтык материалдар, методикалык жана практикалык модулдар, нускамалар иштелип чыккан.

Жеке ветеринарларды колдоо жана насаатчылык

Долбоор ветеринария жаатында насаатчылык системасын демилгелеген. Чүй жана Талас облустарынан ветеринардык факультеттеринин 48 бүтүрүүчүсү тандалып, ар бирине практикалык билимин үйрөтүү үчүн тажрыйбалуу ветеринар бекитилген. Долбоор насаатчыларга 400 доллар өлчөмүндөгү грант берген. Кесиптик жолдорун баштап кетүүсү үчүн окуучуларга 1000 доллар суммасындагы ветеринардык комплекттер тапшырылган. Иштеп жаткан 280 жеке ветеринарга долбоор тараптан колдоо көрсөтүлгөн. Аларга жалпы суммасы 420 миң долларды түзгөн, ар бирине 1500 доллар өлчөмүндөгү ветеринардык шаймандар: муздаткычтар, термоконтейнерлер, сертификацияланган дары-дармектер жана баш-калар берилген.

Ыраазы болгон бенефициарлар

Долбоор Жайыт комитеттери менен жеке ветеринарлар көрсөткөн кызматтарга бенефициарлардын ыраазы болгондугун баалоочу аспап иштеп чыгып, АРИСтин коомчулукту  өнүктүрүү  эксперттеринин (ЭПРО) жардамы менен сурамжылоо жүргүзгөн. Сурамжылоо 2017-жылы жайыт билеттерине ээ болгон Чүй жана Талас облустарынын миңдеген чабандары менен малчыларынын арасында өткөрүлгөн. Жыйынтыгында, жеке ветеринарлардын көрсөткөн кызматтарына канааттангандардын жалпы саны 71%, ал эми Жайыт комиттеттердин ишине канааттангандар 75% болду.

Гүлсүн КАРАБЕКОВА