Көк бөрү курама командасы Ташкенттеги чемпионатка катышпай калышы ыктымал

Өткөн жумада Астана шаарында, Дүйнөлүк көкпар ассоциациясынын жыйыны болуп өттү. Жыйынга катышкан 10 мамлекеттин 8и тай казандан баш тартып, эл аралык турнирди мындан ары көкпар эрежеси менен өткөрүүгө токтолушту. Көкпардын эрежеси боюнча, улактын ордуна муляж колдонулмакчы.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов билдиргендей,  учурда чемпионатты көкпар эмес, көкбөрүнүн эрежеси боюнча өткөрүүнүн аракетин көрүлүүдө. Эч кандай майнап чыкпаса, Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы үстүбүздөгү жылы Ташкентте өтө турган иш-чарага катышпайт. (АА)