Парламенттин басма сөз катчысы КТРКнын жетекчилигине ат салышат

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчилигин тандоо боюнча бүгүнкү күндө арыздар кабыл алынууда.

 Коомдук телеканалдын Байкоочу Кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев 18-февраль, эртең менен 10 талапкер арыз бергени белгилүү болгонун жана түшкө чейин дагы 2 адам талапкерлигин коюу максатында телефон чалгандыгын билдирди.

Ал Коомдук телеканалдын жетекчилигин шайлоо төрт баскычтан турарын, тактап айтканда, биринчи — талапкерлердин арызы кабыл алынары, экинчи — документтери изилденери, үчүнчү — алардын программасы каралары, төртүнчү баскычында Байкоочу Кеңеш тарабынан жабык добуш берүү менен тандаларын айтты. Талапкерлердин ысымдары азырынча белгисиз, кутучадан алыгандан кийин гана маалым болот.

Буга чейин шайлоого учурдагы башкы директор Илим Карыпбеков кайрадан өз талапкерлигин кое тургандыгын билдирген. Ошондой эле Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу, журналист Сюита Соурбаева да аталган кызматка ат салыша турганын Фейсбук баракчасына жарыялаган.

Эске салсак, 18-февраль талапкерлердин арызын кабыл алуу боюнча акыркы күн. “Коомдук телеберүү корпорациясы жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылдык мөөнөткө Байкоочу Кеңеш тарабынан шайланат. (ВБ)