Инспектор кесиптешине айып пул төлөттү

Бишкек шаардык жол кыймылы башкармалыгынын бөлүмүнүн инспектору Мирбек Жуманов уруксат берилбеген жерге машинесин токтоткон кесиптеши Урмат Акматалиевге 1000 сом айып пул салды.

Видеодон көрүнүп тургандай, жол кыймылынын эрежесине ылайык жана жолдун кесилиши көрсөтүлгөн белги боюнча автоунаа жолго параллелдүү токтотулууга тийиш болчу. Бирок, Бишкек шаардык жол кыймылы башкармалыгынын бөлүмүнүн инспектору Урмат Акматалиев эреже бузууга барган. Эрежени бузган инспектор өзүнүн туура эмес жерге  унаа токтотконун мойнуна алды. (НН)