Пакистанда жардыруу болуп, тогуз адам каза болду

Пакистандын түндүк-батышындагы Афганстан менен чектеш аймагында кичиавтобус жардырылып, кеминде тогуз адам каза болуп, он үч адам жараат алды. Бул тууралуу Парачинар шаарынын бийлиги билдирүүдө.

Унаа шиилер басымдуу жашаган Куррам чөлкөмүнөн өтүп баратканда жарылган.  Азырынча жардырууга эч ким жоопкерчилик ала элек.