Дельфиндер 30 жыл өмүр сүрүшөт

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Ушул тапта борбор калаада орусиялыктардын “Кариб деңизинин пираттары” деп аталган шоу программасы уланып жатат. Анда Ди-ди жана Зевс аттуу дельфиндер оюн көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрүүдө. Дельфинарийге барып, кызыктуу оюн көрүп, андан сырткары төмөндөгүдөй маалыматтарга ээ болуп кайттык.

  • Дельфиндер 5 суткага чейин уктабай сууда сүзүп жүрө беришет. Уктаган күндө дагы, алардын мээси тынымсыз иштей берет.
  • Дельфин – сууда  сүзүүчү  жаныбарлардан айырмаланып, аба менен дем алат. Дем алуу функциясын анын баш жагындагы бакалоору аткарат. Ошондуктан,  алар  мезгил-мезгили  менен  суунун үстүнө секирип чыгып, жетиштүү кислород топтоп турушат.
  • Дельфиндер – башы менен эмес куйругу менен төрөлгөн жалгыз жаныбар. Дельфиндердин кош бойлуулугу 10-18 айга чейин созулат. Алардын балдары 50-60 см. узундукта төрөлүп, (алгачкы бир айда такыр укташпайт) жай чоңоюшат. Окумуштуулардын иликтөөлөрү боюнча дельфиндер 20-30 жыл өмүр сүрүшөт.
  • Көпчүлүк учурда дельфиндердин көрүүсү начар экендиги айтылып келет. Бирок, алардын көрүүсү адамдардыкына караганда алда канча курч. Алар бир эле учурда оңду, солду, артты жана алды жагын көрө алышат. Ошондой эле, дельфиндер суунун астында кандай көрсө, суунун үстүндө дагы, жарыкта дагы, караңгы дагы бирдей көрө алышат
  • Жер бетиндеги жан жаныбарлардын терисине салыштырмалуу дельфиндердин териси 10-20 эсе калың болот. Алардын терисинин өсүүсү, адам баласыныкына караганда 9 эсе бат өсөт. Ошондуктан, дельфиндердин терисинин калыңдыгы 2 саат сайын өзгөрүп турат.
  • Дагы бир өзгөчөлүк  –  дельфиндердин  териси тез айыгуу касиетине ээ. Баскетбол ойноочу топтун көлөмүндөй болгон жараат бир жумага жетпей айыгып, териси өсүп, так дагы калбайт. Эгерде алган жарааты терисинен өтүп, этине жетпесе ал жер канабайт.
  • Дельфиндер абдан акылдуу болгону менен, алар билген трюктарын бат эле унутуп коюшат. Эгерде, аларды балыктар менен тамактандырып турбаса, билген кыймылдарын дагы жасабай коюшу мүмкүн. Алар бир күндө 30 кг. чейин балык жей алышат. Негизинен дельфиндерди үйрөтүү абдан жеңил дешет.
  • Индия мамлекети – дельфинарийлерди курууга тыюу салган төртүнчү мамлекет болду. Буга чейин Чили, Коста-Рика жана Венгрия өлкөлөрү дельфиндерди кармап, колго үйрөтүүгө каршы чыгышкан.