Кабулдагы жардыруудан каза болгондодун саны 80ге жетти

Афганистандын борбору Кабулдагы жардырууда ондогон адам каза болуп, 100дөн ашыгы жаракат алган. Бул тууралуу Пажвак агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Кабулдагы жардырууда сексен  адам каза болуп, 320дан ашыгы жаракат алды.

Буга чейин агенттик өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигине таянып, 60 жарадар тууралуу билдирген. Өз кезегинде Ассошиэйтед Пресс агенттиги афган чиновниктерине шилтеме кылып, жардыруунун натыйжасында 50 адам “өлтүрүлгөн же жарадар” экендигин кабарлаган.

Шаршембиде эртең менен Кабулда президенттик сарайдан жана чет элдик элчиликтердин имараттарынан алыс эмес жерде катуу жардыруу болуп, алардын терезе, эшиктери талкаланган. Рейтер агенттиги полицияга таянып, жардыруу Германия элчилигинде болгондугун билдирди. Жардыргыч коюлган унаа жарылган. Натыйжада, Синьхуа агенттигинин Кабулдагы бюросунун имараты да жабыркаган.