Спортчулар 60 миң сомго чейин стипендия алышты

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрынан № 554 «КРнын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык 133 алдыңкы спортчу 2018-жылдын 1-декабрынан 31-декабрына карата стипендия алышканын билдирди.

2018-жылдагы Азия оюндарынын чемпиону, жеңил атлет Дарья Маслова, 2018-жылдагы Азия оюндарынын аялдар күрөшү боюнча чемпиону Айсулуу Тыныбекова жана 2018-жылдагы Азия оюндарынын джи-джиутсу боюнча алтын медалынын ээси Төрөкан Багынбай уулу экинчи категориядагы стипендия алышты – 60 миң сомдон стипендияга ээ болсо, үчүнчү категориядагы стипендияны (50 миң сомдон) 6 алдыңкы спортчу алды.

Алар: Эл аралык даражадагы спорт чебери Магомед Мусаев – 2018-жылдагы Азия оюндарында эркин күрөш боюнча 2-орун; Эл аралык даражадагы спорт чебери Каныбек Жолчубеков – 2018-жылдагы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 2-орун;  КРнын спорт чебери Алмазбек Исаков – 2018-жылдагы Дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча угуу мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында 2-орун; КРнын спорт чебери Эрбол Бакиров – 2018-жылдагы Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында 1-орун; КРнын спорт чебери Акжол Махмудов – 2018-жылдагы Азия оюндарында грек-рим күрөшү бонча 2-орун; КРнын спорт чебери Жоломан Шаршенбеков – 2018-жылдагы Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча 2-орун.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча 17 спортчу 40 миң сомдон, 19 спортчу 30 миң сомдон, 27 спортчу 20 миң сомдон, ал эми 12 спортчу 10 миң сомдон алышты. Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча 11 спортчу биринчи категориядагы стипендияга татыктуу болуп, 20 миң сомдон, 11 спортчу экинчи категориядагы 15 миң сомдук стипендия,  27 спортчу 10 миң сомдон алышты.

Жалпысынан 133 алдыңкы спортчуларга 2018-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин бюджетинен 3 млн. 45 миң сом төлөнгөн. (БТ)