Жыл башынан бери өлкө боюнча 11 миңге жакын үй камсыздандырылды

Быйыл жыл башынан бери 11 миңге жакын турак жай камсыздалган. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздоо компаниясынын төрагасынын орун басары Бурул Калматова билдирди.

Анын айтымында, өткөн 2016-жылы жалпы алганда 10 миң 813 турак жай камсыздоого катталган. Ал эми 2017-жылдын январынан тартып ушул күндөргө чейин чейин 10 миң 877 үй камсыздалган.

Бурул Калматова билдиргендей, камсыздандыруу уюмунун жоопкерчилиги 10 млрд сомго жетет. Уюм жыл башынан бери табигый кырсыктарынан жабыркаган жарандарга 6 млн 600 миң сом төлөп берген.

Ошондой эле, турак жайды камсыздандыруу боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.