Эгембердиев: «Былтыр өрттөн 52 млн. 446 миң сомдук материалдык баалуулуктарды сактап калдык»

ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы А. Эгембердиев менен болгон маек.

— Былтыркы жылы Чүй облусунда канча өрт кырсыгы катталды?

— Өткөн 2018-жыл Чүй облустук өрткө каршы күрөшүү кызматында тийиштүү иш чаралар жүргүзүлгөн. 12 ай ичинде 1542 өрт кырсыгы катталып, келтирилген чыгымдын суммасы 73 миллион сомдон ашты. Андан мурунку 2017-жылдагы көрсөткүч 43 миллион сомду түзгөн. Тилекке каршы, былтыр 27 адам өмүрү кыйылып, биздин күжүрмөн кызматкерлерибиз 8 адамды өлүмдөн алып калды. (2017-жылы 28 адам өмүрү кыйылган) Ошондой эле 52 миллион 446 миң сомдук материалдык  баалуулуктарды сактап калганга жетиштик.

— Материалдык чыгым былтыркы жылы эмне үчүн мынча көп болду?

— Былтыр 3 ири объектте чоң өрт кырсыгы катталган. Лебединовкадагы Арзу кафеси, Супара этно рестораны жана Сокулуктагы балык чарбасындагы өрт кырсыктары ири суммадагы чыгашага учураткан. Ошол себептен былтыркы жылдын статистикасы ушундай болду.

— Өрт өчүрүү кызматынын негизги милдети өрт кырсыктарын алдын алуу эмеспи. Бул багытта кандай иштер жүрүп жатат?

— Туура биздин кызмат өрт кырсыгын алдын алуу боюнча профилактикалык гана иштерди жүргүзбөсөк, эч кандай текшерүү, көзөмөл жүргүзө албайбыз. Эскертүү да бере албайбыз. Бул милдеттер өзүңөр жакшы билгендей Экотехинспекцияга жүктөлгөн. Профилактика же үгүт – насаат иштерин былтыр абдан мыкты деңгээлде жүргүздүк деп мактана алабыз.

Мисалы, гезит – журналдарга 199 макала жарыялап, 78 теле берүү, 2481 радио берүүлөргө чыктык. 520 ирет атайын лекцияларды уюштуруп, 32 194 адамды камтыдык. 50935 нускама чыгарып, 210 752 адамга жеткиргенбиз. Бул аракеттерибиздин натыйжасында быйыл жыл башынан бери 76 өрт кырсыгы кат-талган. Ал эми 2018-жылы ошол эле убакыт ичинде 159 өрт катталган. Демек, үгүт насаат иштерибиз жыйынтыгын берип, дээрлик 52 пайызга өрт кырсыгы азайган. Материалдык чыгым 2018-жылга салыштырмалуу 27 пайызга төмөндөдү. Былтыр ушул убакытта 10 адамдын өмүрү кыйылса, быйыл 6 адам көз жумду.

— Жакында эле Таш-Дөбө айылындагы 3 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгы тууралуу да айта кетсеңиз?

— 12-февраль күнү саат 15:13төр чамасында Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылындагы Октябрь көчөсүндө өрт кырсыгы катталгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Өрттүн кесепетинен 3 кампа, унаа токто туу чу жайдын 100 чарчы  метри күйүп кеткен. Кырсыктан 34 жаштагы аял, анын 10 жана 2 жаштагы балдары көз жумган. ӨКМдин өрттүн себептерин аныктоо боюнча атайын лабораториясына жөнөтүлүп иликтөө иштери жүрүүдө. ИИМ менен дагы биргеликте иш алып баруудабыз. Алдын ала маалыматтар боюнча бул үй-бүлөдө чыр-чатактар көп байкалып, кайын энеси менен келининин мамилеси начар болгон. Кырсык болгон күнү күйөсү дагы, энеси дагы үйдө жок болгон. Ошол күнү каза болгон аял дүкөндөн 2 литр бензин сатып алгандыгы аныкталды. Көтөрүп бара жатканын дагы көргөн күбөлөр көргөн. Андан аркысын тиешелүү органдар иликтеп, өз бүтүмүн чыгарышат. Ошондон кийин ӨКМ министри ыкчам чогулуш өткөрүп, онлайн режимде республиканын бардык өрткө каршы күрөшүү кызматынын тийиштүү жетекчилерине үгүт насаат иштерин дагы күчөтүү боюнча тапшырмаларын берди. 2019-жылы ушул убакка чейин гезиттерге 18 макала жарыялап, 467 радио берүүгө чыгып, 3033 адамды камтыган 47 лекция окуп, 4666 адамга 888 жолу инструктаж өттүк. Былтыркы жылга салыштырмалуу бул бир топ эсе көп. (2018-жылы ушул убакытта 9 макала, 140 радио берүү, 17 лекция, 101 инструктаж өткөрүлгөн).

Тиленбек Азык