Бишкекте 520 биринчи класстын болочок окуучулары электрондук каттоодон өттү

«Мектепке электрондук катоого» ар бир саатта 20дан 40ка чейин адам катталууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, азыркы учурда “Мектепке электрондук каттоо” системасында 520 арыз катталды. Учурда электрондук катоо үчүн mektep.edu.gov.kg сайтына 8000ден ашык адам кирди.

Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги буга чейин “Мектепке электрондук каттоо” долбоорун киргизге болчу.  Аталган долбоор мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына мектеп курагындагы (6-7 жаш) балдарды автоматтык түрдө каттоону камсыз кылган маалыматтык система. Учурда долбоор Бишкек шаарында ишке киргизилди.