Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: «Аймактарды өнүктүрүүгө 2 млрд. сом каралды»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


Өлкө экономикасынын эл аралык рейтинги

-2018- жылдын дүйнөдөгү глобалдуу процесстери өлкөнүн социалдык-экономикалык өнү гүшүнө өз таасирин тийгизбей койгон жок. Кыргызстанга такай өнөктөш мамлекеттердин экономикасы кыйла кризистерге туш болду. Салыштырсак, өткөн жылы ИДПнин көлөмүнүн өсүшү Россияда 2, Белоруссияда 3, Казакстанда 4,1 пайызды түздү. Россияда капиталдын сыртка чыгышы 59 млрд. долларга жеткен. Ал эми Кытай, Түркия мамлекеттеринде бул көрсөт күч мурдагыдан кыйла төмөн болду. Мындай көрүнүштөр дүйнө экономикасына системалуу түрдө терс таасирин тийгизди. Ошондой эле былтыр дүйнөнүн глобалдык масштабында жалпы инвестиция тартуунун көлөмү 23 пайызга азайган. Ушул сыяктуу тышкы терс таа сирлерге карабай, Өкмөт калктын алдындагы социалдык милдеттерин ийгиликтүү аткара алды жана макроэкономикалык туруктуулукту кармап калды, — деп белгиледи Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жы йын-тыктарын караган жыйында.

— Алгачкы жолу “Кумтөр” кенинин үлүшүнөн көз карандысыз болууга кадам ташталды. “Кумтөрдүн” үлүшүн кошпогондо былтыркы жылдагы ИДПнын көлөмү 3,5 пайыздык көрсөткүчкө чыгып, ал 557 млрд. сомду түздү. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 37,5 млрд. сомго жогору. Ал эми салыктык кирешелер мурдагыдан 12,3 млрд. сомго көп чогултулду. Буга өлкө өндүрүшүнүн үлүшү бар. Инфраструктурага инвестиция салуу 150,8 млрд. сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 5 млрд. сомго өскөн. Айыл чарба тармагын колдоо улантылып, 5,6 млрд. сом жеңилдетилген насыя берилди. Мамлекеттик чыгашалар 10 млрд. сомго оптималдаштырылды. Андан тышкары, он жылдан бери ишке ашпай келе жаткан “Коопсуз шаар” долбоорунун иши алдыга жылды. Бул иштер 2019-жылы да ийгиликтүү улантылары айтылды.

“Кыргызстандын макроэкономикалык жагдайы турукташып бара жатканына дүйнөдөгү абройлуу финансылык институттар баа бере баштады. Бүткүл дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана Эл аралык валюта фондунун божомолуна караганда 2019-жылы Кыргызстандын ИДПнын көлөмү 4 пайыздан кем эмес өсүүсү күтүлүүдө. Менин оюмча бул көрсөткүчкө биз жетишибиз керек”, — деди Өкмөт башчы М.Абылгазиев.

Кыргызстан экономиканын негизги багыттары боюнча эл аралык рейтингде өз позицияларын жакшыртты. Төлөө жөндөмү индекси боюнча 37 пайызга жакшырды. Эл аралык соода индексинде  14  пайызга  алдыга  жылды. «Doing Business» индекси боюнча Кыргызстан 200гө жакын мамлекеттин ичинен 7 па йызга позициясын жакшыртып, 70-орунга чыкты. Социалдык бакубаттуулук  боюнча 4 пайызга көтөрүлдүк. Туризм тармагында Кыргызстан эң кызыктуу өлкө катары алдыңкы 5 мамлекеттин катарына кирип, сыймыктандыра алды. Былтыркы жылы өлкөгө келген туристтердин саны эселеп өсүп, өлкөбүз туристтик мамлекет катары чет элдиктерди кызыктыра баштады. Өкмөт “Ачык асман” саясатын колдоого алып, туура чечим чыгарганы буга өбөлгө түзөт.

Өлкөдө 70 000ден ашык жумуш орун түзүлдү

Өткөн жылы Өкмөттүн 2019-жылга карата теңдештирилген бюджетти кабыл алышы маанилүү чечим болду. Бюджеттик чыгашаларды тыштан карыз албай, ички мүмкүнчүлүктөрдүн эсебинен жабууга аракеттер көрүлдү. Бул тууралуу М.Абылгазиев: «Мындан ары мамлекеттин каражатын үнөмдөп жашоого биротоло өтүшүбүз керек» , -деди.

Кыргызстанда өткөн жылы юридикалык тараптар тарабынан 246 жаңы ишкана ачылып, 6372 туруктуу жумуш орундары пайда болду. Андан тышкары, жеке жарандар өздөрүнүн аракети менен түзгөн жумуш орундарынын саны 70 миңден ашкан. Өткөн жылы Президент Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги алдында “КР 2018-2040-жылдарга карата өлкөнү туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясы” кабыл алынды.

Президент  С.Жээнбековдун  аймактарды  өнүктүрүү  саясаты  Өкмөттүн  ишиндеги негизги артыкчылык катары кабыл алынды. М.Абылгазиев 2019-жыл – “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын” алкагында реалдуу секторду көтөрүүгө бюджеттен 2 млрд. сом каралганын айтты. Бирок, мамлекеттик органдардын айрым жетекчилери инвестиция тартууда ырааттуу иш жүргүзбөй жатышат. Мисалы, өлкөнүн экономикалык саясатын жүргүзүүгө милдеттүү болгон Экономика министрлиги инвестиция тартууда былтыркы жылдын планын 61 пайызга гана аткара алган. “Өлкөбүзгө жардам берип жаткан эл аралык донорлор менен Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушуу өткөргөн. Ошол жерде финансылык институттардын атынан Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлү Кыргызстанда инвестиция тартуу боюнча регламентти кармабаган, келишимдерди аткарбаган учурлар бар экенин айтты. Эл аралык келишимдерге кол коюулар Жогорку Кеңештин ратификациялоосуна барганга чейин 1,5 жылга созулуп кеткен жагдайлар кездешүүдө. Министрлер донорлор менен болгон келишимдердин маанилүүлүгүн депутаттарга так айтып тастыктап бере албай жатышат”, — деди Өкмөт башчы. Ушундай жагдайлардан улам, Өкмөт жакында мамлекеттик органдардын отчетун алып, начар иштеген жетекчи-лерге чара колдоно турган болду.

РКӨФнун 200 млн. доллары өздөштүрүлбөй жатат

Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө болуп киргендеги  башкы  артыкчылыктарынын  бири — Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ую-улгандыгы болгон. Мына ушул фонд бизнес чөйрөсүнө узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыяларды берип, ишканаларды ачууга, жумуш орундарын түзүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү шарттап жатат. Бирок, мамлекеттик органдардын аймактардагы жетекчилери эң ыңгайлуу бул каржылык ресурсту жеткиликтүү пайдалана алышкан жок. Бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынан тышкары, республика боюнча 705 долбоор каржыланыптыр. Азыркы учурда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунда 200 млн. доллар өздөштүрүлбөй жаткан каражат бар экенин анын директору Эркин Асырандиев айтууда.

М.Абылгазиев аталган фонддун каражаттарын жетиштүү пайдалана албай жаткан аймактык жетекчилерди сынга алды. Облустар боюнча атасак, Чүй 170, Талас 19, Жалал-Абад 82, Ош 166, Баткен 18, Ысык-Көл 243, Нарын 7 долбоорду ишке ашырышкан. Жанаша жайгашкан Ысык-Көл менен Нарындын ортосунда аталган фонддун каражатын пайдаланууда чоң айырма көрүнүп турат. Нарын облусунда 2 миллиондон ашык мал болгону менен ал жакта эт комбинаттарды куруу эмдигиче колго алына элек. Премьер-министр бул үчүн Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыповду уяткарды.

Айрым  жетекчилер  алыскы  аймактарда күрөөгө коюлуучу мүлктүн баасынын арзандыгы насыя алууга кедергисин тийгизип жатканын айтып актанышты. Бирок алар Кепилдик фонддун натыйжалуу иштеп жатканын “унутуп” коюшса керек. Аймактардын күрөө көйгөйүн чечүү үчүн Кепилдик фондуна 2017-жылы 248млн. сом бөлүнгөн болсо, ал эми 2018-жылы 300 млн. сомго капиталы өсүп, ал 582 млн. сомду түзгөн. Ишкерлер долбоор жазууну, натыйжалуу насыя алууну өздөштүрө элек болушса, РКӨФнын өкүлдөрү жер-жерлерге барып, окутууларды өткөрүүсү керек. Андан тышкары, учурда күрөө маселеси боюнча атайын программа иштеп чыгуу зарылдыгы чыгып жатат.

Өткөн жылдын жыйынтыгынан алсак тышкы соода жүгүртүү 2017-жылга салыштырганда 348,8 млн. долларга көбөйгөн. Жакында кыргыз фермерлеринин Россияга эт жана эт азыктарына чектөөнүн алынып салынышы, экспорттун көлөмүн арттырууга түрткү берерине шек жок.

Сөгүш жана эскертүүлөр

Иштеги кетирген кемчиликтери үчүн бир катар министрлер жана ведомстволордун жетекчилери сөгүштөрдү жана эскертүүлөрдү алышты. Экономика министри Олег Панкратовго, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага, Инвестицияларды илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Шум карбек Адилбек уулуна, маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековага, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге Өкмөт тарабынан сөгүш жарыяланды.

Ал эми саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге, Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушевге, Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжановго, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиевге, Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго эскертүү берилди.

Булардан тышкары, Биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун жана вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын сунуштары менен айрым акимдер сөгүш алып, айрымдары кызматынан бошотулду. Ал эми Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиевге жана Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Юсуповго сөгүш жарыяланды.