Нуран Ниязалиев тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Ниязалиев Нуран Садырович Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашты.

Тийиштүү буйрукка Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Нуран Ниязалиев 2015-жылдын 8-декабрынан бери Катардагы дипломатиялык миссияны жетектеп келген.