Бактыбек ШАМКЕЕВ: “Учурда ипотекалык насыя алуу үчүн 3,5 миң жаран кезекте турат”

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Мамлекеттик ипотеканы алуу үчүн кезекке турган жарандардын арасында болуп жаткан нааразылыктардын эмнеден улам келип чыкканын, бизде колдонулган толук эмес ипотеканы жана 3 жыл аралыгында “Арзан турак жай – 2015-2020” программасынын алкагында билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана башка тармактарда канча адамга ипотекалык насыя берилгенин тактоо максатында аталган компаниянын башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеевди кепке тарттык.

– Бактыбек Абылкасымович, “Өкмөттүн  арзан  турак  жай – 2015-2020” программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык  компанияга  Өкмөттөн  жылына  канча  каражат бөлүнөт?

– Быйылкы жылга Өкмөттөн 500 миллион сом каралды. Биз былтыр күздө сарптала турган каражаттын эсебин 2 миллиард сом деп бергенбиз, ага карабастан бюджеттен 500 миллион сом эле каралды. Апрель, май айларында бюджетти кайрадан карайбыз, мүмкүн дагы кошумча 1 миллиард сом кошуп беребиз деген сунуштар болуп жатат. Мындай сунушту Жогорку Кеңеш да, Өкмөт да айтып жатат. Учурда алар 500 миллион сомго каражат булактарын таап беришти.

Экономика жана Финансы министрлиги менен бериле турган каражатты алуу үчүн документтерди даярдап жатабыз. Бул каражатты жакынкы аралыктарда алып баштайбыз. Ушу тапта кезекте турган жарандарга ипотекалык насыя берүү үчүн жок дегенде кошумча 2 миллиард сом керектелет. Анткени актуалдуу түзүлгөн тизмеге салыштырганда бюджеттен бөлүнө турган каражат жетиштүү болбогондуктан, мындай кошумча каражатка биз муктажбыз.

– Азыркы мезгилде ипотекалык насыя алабыз деп канча жаран кезекте турат?

– Учурда 3,5 миң киши кезекте туруп, ипотекалык насыяны ала албай жатышат. Биз бүгүнкү күндө каражатты жүгүртүүдөн түшкөн акчадан күнүгө 2-3 кишиге насыяны банктар аркылуу берип жатабыз. Азыркы мезгилде комитеттин комиссиясынан өткөн 100дөн ашуун жарандарыбыз ипотекалык насыя алганга кезекте турат. Банктын талабы боюнча кезекке турган жарандар бир жылдан кийин кайра документтерин жаңылоого туура келгендиктен алар ала турган үйүн издеп, керектүү тактамаларды даярдап жатышат. Биз банктар менен өнөктөштүктө иш алып баруудабыз, натыйжада 3-4 коммерциялык банк өзүнүн эсебинен ипотекалык насыя бергенге макулдугун берди. Бул макулдашуунун негизинде кезекте турган 100 кишини, андан сырткары да 100дөй жаранды ипотекалык насыя менен камсыздасак болот.

– Нарын шаарында жарандарга ипотека менен бериле турган үй тууралуу жана кезекке турган тизме боюнча нааразылыктар айтылууда.

– Биз Нарын менен Бишкек шаарында ипотекалык негизде бериле турган турак жай куруудабыз. Талапка ылайык, анын квадрат метри 40 000 сомдон жогору  болбоосу  керек.  Нарындагы үйдүн квадрат метри 39 000 сом болсо, Бишкекте курула турган үйдүн баасы 200 миллион сом. Нарын шаарындагы үйдү сынамык негизде баштаганбыз. Бул үйдү куруу боюнча тендер өткөрүлгөн. Эми курулуш иштеринде да күтүлбөгөн жагдайлар келип чыгат экен. Курулуштун пайдубалын тургузууда 2,5 метр казылганда шагыл чыга турган болсо, ал 8 жана 12 метр казылгандан кийин чыгып жатат. Мындай жагдайларды да эске алыш керек. Азыркы мезгилде курулуш иштери жүрүп, турак жайдын 95 пайызы бүтүп калды. Ал үйгө коммуникация туташтырылгандан кийин акыркы баасы чыгат. Жарандарга берүүдө обладминистрация, мэрия менен биргеликте иш алып барабыз. Ал эми кезекке тургандардын тизмеси боюнча сындар айтылып жатат. Облустагы муктаж жарандардын тизмесинин түзүлүшүнө жергиликтүү администрация жооп бериш керек. Биз кийлигишпейбиз, алар биз берген критерийлердин негизинде тизмени түзүп жатышат. Кезекте турган кээ бирөөлөрдүн тизмеси комитетте каралганы менен, азыркы мезгилге чейин ипотекалык насыя ала албай жатканынын себеби каражат-тын жетишсиздигинен улам болуп жатат. Эгер, биз сүйлөшкөн банктар жогорудагыдай шартта ипотекалык насыя берсе, анда кезекте турган жарандарыбызга каражат берүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

– Кезекте турган 3,5 миң жаран ипотекалык насыяны канча убакытта ала алат?

– Бул бөлүнгөн каражатка жараша болот. Жогоруда айткандай 1 же 2 миллиард сом бөлүнсө эле, биз кезекте тургандардын жарымын камсыз кыла алабыз. Банктар менен сүйлөшүүлөрдү да жүргүзгөнбүз. Процедуралардын баары түзүлгөн. Биз ипотека системасын дүйнөлүк практикада кездешкен таж-рыйбанын негизинде колдонуп жатабыз. Азыркы учурда биз колдонгон программага чейинки ипотекалык система толук эмес ипотека болчу.

–  Ипотека  системасы  кайсы өлкөлөрдө колдонулган, бизде колдонулган бул система эмне себептен толук эмес ипотека деп айтылат?

– Россияда турак жай менен жарандарды камсыздаган ипотекалык компания 1999-жылы түзүлгөн. Мына быйыл аларда бул системанын иштеп жатканына 20 жыл болот. Казакстанда 2001-жылы түзүлгөн. Биз дагы ушул жылдары бул системаны колдонуп баштаганда, азыркы мезгилде айтылып жаткан маселелер мындай курч турбайт эле. Казакстандын ипотекалык компаниялары Өкмөттөн акча албай, өздөрүнүн эсебинен каржылоого жетишип, иш программасы курулушка өттү. Алар фондго каражат которуп берип, андан курулуш компа-ниялары насыяга акча алып, курулуш иштерин жүргүзүп, анан курулган даяр үйлөргө өзүлөрүнүн кардарларын киргизип жатат. Мындан сырткары Казакстанда улуттук банктын алдында жаңы программа ачылып, анда 7 пайыздык үстөк менен 20 пайыздык алгачкы төлөм каралып, 25 жылдык мөөнөт менен жарандарга берилип жатат. Биз 2015-жылы декабрда түзүлдүк, эки жылдан кийин биринчи эмиссияны жасадык. Россияда үч жылдан кийин, Казакстанда эки жылдан кийин биринчи насыя берилди. Бул өлкөлөрдө ипотекалык система менен иш алып барган бир нече компаниялар бар. Биз бул компаниялар менен келишим түзүп, алар колдонгон кээ бир ыкмаларды колдонуп жатабыз. Ошондой эле Түштүк Кореянын элди турак жай менен камсыздаган компаниясы бар. Аны менен да келишимдерди түздүк. Биринчи этапта биздин кызматкерлер тажрыйба алмашып, техникалык жактан жардам алса, экинчи этапта инвестиция тарта баштайт.

Ал эми ипотека – грек сөзү, бизче  күрөө  алдындагы  мүлк  дегенди түшүндүрөт. Негизи ипотека узак мөөнөткө берилген насыя болуш керек. Буга чейин берилип жаткан ипотекалык насыя керектөөчүлөр үчүн болчу, мындайча айтканда, жаран үй ала турган болсо, ал үйдүн баасынан да жогору күрөө коюу талабы бар болчу. Мына ушул толук эмес ипотека деп айтылат. Ал эми толук ипотека узак мөөнөткө, кээ бир өлкөлөрдө 100 жылга чейин берилип, аны мураскери деле төлөй берсе болот.

– “Арзан турак жай – 2015-2020” программасынын алкагында билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана башка тармактарда канча адамга ипотекалык насыя берилди?

– Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан билим берүү тармагына – 1166, саламаттыкты сактоо тармагына – 546, социалдык өнүктүрүүгө – 69, маданиятка – 81, бюджеттик чөйрөгө – 1352, жабыр тарткандарга – 584, жеке чөйрөдө – 1 жаранга ипотекалык насыя берилди. Бул берилген ипотекалык насыялардын банктык үстөгү жарандардын алгачкы төлөмүнө жана алардын төлөө мүмкүнчүлүгүнө жараша коюлган. Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 2016-жылы – 290 144 164, 2017-жылы – 66 308 099, 2018-жылы – 330 396 060 сом каржыланса; Финансы министрлигинин 2016-жылда – 530 665 457, 2017-жылда – 1 696 170 578, 2018-жылда – 1 083 377 537 сомдук заем каражаттары болду.

– Банктын өздүк салыгын кошуп  эсептегенде  жарандар  15 жылда бир бөлмөлүү батир үчүн 48-50 миң долларга чейин төлөп беришет экен. Бул маселе Жогорку Кеңеште да айтылды. Үстөк пайызды азайтса болобу?

– Банктар тарабынан берилип жаткан ипотекалык насыянын үстөгү 15 жыл алдыга карай курулуш тармагындагы баа саясатын эске алуу менен коюлган. Мисалы 2000-жылы 106-сериядагы 3 бөлмөлүү  батир  Бишкектин  кичи-райондорунда 7-8 миң доллар болсо, шаардын борборунда 10 миң доллар болчу. 2015-жылы ушундай эле сериядагы 3 бөлмөлүү батирлер 60-70 миң долларга чейин көтөрүлдү. Баалар жыл сайын өсүп турат. Жадагалса Европада, Америкада курулуш жана башка тармактарда баалар туруктуу эмес. Экономикалык кризис болгондо баалар бир аз арзандаганы менен кайра эле секирик менен өстү.

Эгер 2015-жылдагы тенденцияны алып карасак, 6 эсе өстү. Азыр курулуп жаткан үйлөрдө 3 бөлмөлүү батир 60 миң дол-лардан кем эмес. Эгер биз 15 жыл аралыгындагы өрсөткүчтү алсак, банктын өздүк салыгы менен 1,5 же 2 эсеге өсөт экен. Муну да кымбат деп жатышат. Баалар 2015-жылдагы көрсөткүчтөй болсо, азыр 10 эсе жогору болмок.

– Жалпы сумманын алгачкы 30 пайызын төлөтпөй эле 15 жылга бөлүп койсо болбойбу? Көпчүлүк бул алгачкы төлөмдү дароо төлөй албай кыйналышат.

–   30  пайыздык  төлөмдү  алгач төлөбөй 15 жылга бөлүп койгонго болбойт. Дүйнөлүк практикада LTV деген көрсөткүч бар. Бул насыянын наркы менен  үйдүн  наркына  байланышкан көрсөткүч. Насыянын наркы үйдүн наркынын 80 пайызынан жогору болбош керек. Мына ушул дүйнөлүк практикада колдонулуп жатат. Азыр бизде бул көрсөткүчтү 90 пайыз кылды. Мунун өзү тобокелчилик. Биз мындай тобокелчиликке карабастан банктарга 10 пайыздан төмөн карагыла деген тапшырма бердик. Эгер, биз дүйнөлүк практиканы колдоно турган болсок, 80 пайыздан кем болбосун деген талапты коймокпуз. Биз 15 жылдык мөөнөткө бюджеттик ссуданы алып, жарандарга берип жатабыз. Эгер, биз алган ссуданы 40 жылга жарандарга берсек, 15 жылдан кийин Финансы министрлиги бизге акчаны кайтарып бергиле деп айтат. Анан биз кандай кылышыбыз керек. Бизге Өкмөт узак мөөнөткө каражат берсе, биз дагы жарандарга узак мөөнөткө бермекпиз. Мөөнөтүнө жараша бөлүп төлөгөндө азыраак болмок. Бизде бюджет тартыштыгы бар. Биздин банктарда 2-3 жылдык эле депозит, тактап айтканда, 2-3 жылдык эле акча бар. Бул жагдайды да түшүнүшүбүз керек…