Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: “Көчмөн адаттан” арыла албай жатабызбы?

Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев парламент жыйынында айыл чарба жерлерин трансформация лоого көзөмөлдү күчөтүүнү сунуш кылып, айыл чарба жерине этият мамиле кылууга чакырды.

Анын айтуусунда, жерге өкмөт ээлик кылып турган учурда да 2006-жылы миңдеген гектар жерлер мыйзамсыз кетип калган. Айла кеткенде мораторий киргизилген. Улуттук фонддун жери да берилип жатып, азыр 25%га жетпеген жери калган. “Ошондуктан тескерисинче, айыл чарба жерлерин трансформа-циялоону жергиликтүү бийликке берүүдө жакшылап ойлонуп, аны турак жай курууга берүүнүн тартибин күчөтүш керек”, — деди депутат.

Мына ушундан улам, өз алдынча мамлекет болгондон бери канчалаган айыл чарба ерлери трансформацияланып, менчик турак жай куруу үчүн сатылып, ортодо канчалаган чиновниктер жана аларга көмөктөш болгондор байыганы эске түшөт.

Жерге мындай варвардык менен мамиле кылуу  эмнени  билдирет?  Же  илгерки  көчмөн менталитетке сала, эртең биротоло көчүп кетчүдөй мамилениби? Негизи жердин баркын билген улуттарда эч качан айдоо жерлерге турак жай курулбайт, андай жерлердин ар бир чарчы метрине өсүмдүк эгилип, түшүм алынат. А турак жайлар, бүтүндөй шаарлар сугат суу жетпеген такыр, таштак жерлерге салынат.

Мына Бишкектин айланасындагы миңдеген гектар жерлерге конуштар түштү, бирок, турак жай маселеси чечилдиби? Алардын баарына суу, электр энергиясы, газ тартылып, жолдор, социалдык мекемелер салынды. Эгерде бийликтегилер ал жерлерди берүүнүн ордуна көп кабаттуу үйлөрдү салганда, аларды өздүк наркынын жарымына сатканда деле, жогоруда айткандай инфраструктура объектилерине кеткен чыгымдарды үнөмдөөнүн эсебинен жалпысынан мамлекет утмак.