Назира Айтбекова: «Жашоонун даамын татып көрөйүн дедим»

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Теле-алып баруучу жана актриса Назира Айтбекованын акыркы убакта социалдык тармактарда жазгандары коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Аялзатынын үй-бүлөдөгү жана коомдогу орду тууралуу жазган Назира Айтбекованы сынга алгандар да көп. Айрым учурларда анын эркектерди сынга алган пикирлери көптөрдү териктирип жибергенин да байкоого болот. Мындан улам эмне себептен бул маселе тууралуу жазып калганын, анын артында эмне максаттар бар экенин суроо салып, теле-алып баруучуга кайрылдык.

– Сиздин акыркы убактагы социалдык тармактарда жазгандарыңыз коомчулукта кызуу талкуу жаратып жатканынын себеби эмнеде?

– Жөн гана жашоого болгон ой чабыт, серебимди  жазып  жатам.  Катуу  талкууга алынганы, демек, талылуу жерге тийип, көрмөксөнгө салган көйгөйлөрдү тырмап алып жатканымды айгинелейт. Көмүлүп калгандарды, же көрө берип көнүмүш болуп калгандарды сууруп чыксаң, адамдын мээсинде кайра талдоо башталат. Жашоосун сырттан карайт. Көп киши өз көз карашын бурганын, жашоосунда ойлорум жардам бергенин жазышууда. Демек, пайда бар.

– Аялзатынын укугун коргоо тууралуу кеп болсо эле бейөкмөт уюмдарда (БӨУ) иштейт деген кеп чыкчу эле. Сиз эмнеден улам бул көйгөйдү көтөрүп калдыңыз?

– Эч кандай БӨУда иштебейм. Жанымды кыйнап жиберет. Жаз дейт жан дүйнөм. Чындыгым чыгып алып чыркырайт. Кыйналып кетем жазбасам. Сыртка чыккан соң, жыргап калам. Кудум толгоо тартып, анан төрөгөн айымдай.

– «Жолдошу менен ажырашкандан кийин, эркектерге таарынып, ошол үчүн жамандап» жатат дегендерге кандай карайсыз?

– Ажырашкандан кийин жаза баштадым. Бул туура. Бир учур болгон, таарынгам. Ал да туура. Бирок кийин мамиледеги каталарыбызды түшүндүм. Жашоону аңдай баштадым. Азыр, тескерисинче, сүйүнүч бар жүрөктө. Жашоодо жөндөн жөн өзгөрүүлөр боло бербейт экен. Ошол өзгөрүүгө муктаж болсом керек. Таарынычым жазылып, баары ордуна келгенден кийин деле жазып жатам, жаза берем. Жолдошума байлай берүүнүн кажети жок. Дүйнөдө бир эле менин экс-эрим эркек деген нерсе жок да. Айлананы карасаң, алардын баскан турганынан, мамилесинен эле укмуш анализдер жазылат.

– Өзүңүздүн аялзаты катары укугуңуз басмырланган учурлар болду беле?

– Көп кыз-келин, эжелер жазды. Ыйын бириктирсең, дагы бир Ысык-Көл чыгат.  Бизде  укук  эч  качан  корголгон  эмес. Коңшу  –  колоң,  тууган-туушканыңдан шырдак тепкилегендей тепкиленип, эртеси жыгылып кеттим, урунуп алдым деп эле күлүп-жайнап, жашоосун улантып жүргөн аялдарды көрүп өстүм. Эч ким укугун эстеген да эмес. Ушу жашка келип, бар экенин да билбегендери бар. Менин гана жашоомон баш баккандай карабайлы! Бул өлкөгө тиешелүү.

– Алдыда аялзатынын укугун коргоо жаатында иш алып баруу планыңызда барбы?

–Жаңы ажырашканда күчтүү болчу ал кыя лым. Азыр өчүп бара жатат. Материалдык жактан колдой албасам да, моралдык жактан колдоп, алардын өзүн тебелеген, өзүн-өзү басынткан адаттарынан арылта алсам, чоң жардам болмок.

– Турмушка чыгайын деген планыңыз барбы?

– Турмуштан чыга калып, кайра эле эл тий деп жатат деп турмушка чыга бергендерди түшүнбөйм. Жаранын үстүнөн жара жасап. Айыксын, өзүң үчүн жаша, эс ал, жырга. Жан-дүйнөң даяр болуп, жүрөгүң укмуш сүйүп, ошол адам менен өмүр бою жашаганга акылың, көзүң жеткенде гана турмуш кур. Мен ал абалга жете элекмин. Эми гана бакытка балкып, жалгыздыктын даамын чыгарып жашай баштадым.

– Жакында эле коомдук акти-вист Улан Үсөйүн кыргыз эркектери айымдардын жүрөгүн багындыра  албагандыктан ала качышат деген таризде билдирүү жасады. Сиз буга кандай карайсыз?

–Уланга кошулам. Чынында  эле  биздин  мырзалар  сезимге  катуу,  романтикага  жок  келишет. Сезими сыртка чыкса ал-сыздык  катары  каралат. Уят нерсе. Бул тээ алмустактан келе жаткан тарбия.  Биздикилер  комплекске  бай.  Өзүнүн күчүнө  ишенбегендер, алсыздар гана ала качат. Күчтүүлөр аялын бактылуу кылат. Бул салт эмес. Илгери бай – кедей бөлүнүү бар болчу.  Эч  качан  бай  кызын  кембагалга  берген эмес. Ошон үчүн арзышкандар качып кетишкен. Бул башка. Берки ала качуу – жапайычылык.

–  Жогоруда  чабытым  келгенде жазып калам деп калдыңыз. Мындан  улам  чыгарма  жазуу  тууралуу  планыңыз  барбы  деген  суроо келди?

– Жөн эле ойлорум – чакан чыгармаларым. Чогула берсе, китеп болот. Ал эми план койгон жокмун келечекте. Кудайдын боорун эзгиң келсе, эртеңки күнүңдү планда дейт го. Жыл сайын план коюп, ар бир күндү пландап жашачумун. Жүдөтүп ийди. Жөн эле ар бир убакытка тунуп, баш оогон жакка басып, жашоонун даамын татып көрөйүн дедим.