Россия Сириядагы ИМ позицияларын суу алдындагы кемелеринен аткылоодо

Жер ортолук деңизде жайгашкан орусиялык “Краснодар” суу алдында жүрүүчү кемеси жана “Адмирал Эссен” фрегаты төрт “Калибр” аттуу канатуу ракеталарын Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун позицияларын көздөй коё берди.

Россиянын Коргоо министрлиги кабарлагандай, бутага Пальмирадагы ИМдин объектилери алынды. Ал жерде жоочулардын бөлүктөрү жана оор техникалары жайгашкан. “Краснодар” кемеси ракеталарын суу алдынан коё берди.

Коргоо министрлиги Москва ракеталык сокку туурасында АКШ, Түркия, Израилди дароо кабардар кылганын баса белгиледи.

Россия буга чейин кеминде бир сапар – 2015-жылы декабарда “Калибр” канаттуу рактеталарын Сириядагы ИМдин позицияларына каршы коё берген.